Окумуштуулар жүрөк талмасына алып келген дарыларды аташты

8 ноября 2018

Тайвань окумуштуулары дүйнө боюнча кеңири тараган ооруну басаңдатуучу 5 дарынын ден соолукка кооптуу экенин аныкташты, деп British Journal of Clinical Pharmacology басылмасы кабарлайт.

Аныкталгандай, ибупрофен, диклофенак, целекоксиб, мефенам кычкылы жана напроксен дарылары инсульт же жүрөк талмасына алып келиши мүмкүн.

Тайвань окумуштуулары кан басымы жогору болгон 56 миң жашы өтүп калган адамдардын маалыматтарын изилдешкен. Натыйжада жүргүзүлгөн анализ ифупрофен дарысын кабыл алган 330 адамдын бири 4 жума ичинде жүрөк талмасы кармаганын көрсөттү. Ошондой эле, целекоксиб дарысын кабыл алган 105 адамдын бири инсультка кабылган.

Жүрөк талмасы же инсульт диклофенак жана напроксен дарыларын кабыл алган 245 жана 214 адамдын бирөөсүндө кездешкен.

Аталган 5 дарынын ичинен көбүрөөк коркунуч жаратат деп мефенам кычкылы табылды. Бул дарыны кабыл алган 394 адамдын бирөөсүндө жүрөк талмасы кармаганы аныкталган.