Башыңыздан кар жаайбы? Какачтан арылуунун мыкты жолдору

12 сентября 2019 Башыңыздан кар жаайбы? Какачтан арылуунун мыкты жолдору

Какач – кеңири тараган тери оорусу. Ал дароо пайда болуп, өз убагында дарыланбаса, татаалдашып кетет. Өтүшүп кеткен учурда чачыңыздан бөлөк кашыңызга, эркектердин мурутуна өтүп, кыскасы бир катар жерди какач капташы мүмкүн.

Какач көп учурда ички органдардын иштешинин бузулушунан улам пайда болот. Тагыраак айтканда, ашказан-ичеги жолдорунун, калкан безинин иштешинин өзгөрүүсүнөн жана эндекриндик системанын бузулушунан пайда болот. Мындай учурда дароо трихолог дарыгерине кайрылыңыз. Дарыгер сизге текшерүү жүргүзүп, керектүү дарыларды жазат.

Эгер какач гигиеналык тазалыкты туура сактабагандан пайда болсо, анда шампунду сапаттуусуна алмаштырыңыз. Чачыңызды жумасына 2-3 жолу жууну адат кылыңыз. Андан башка элдик дарылоонун жардамына кайрыңыз.

Какачты кетирүүнүн эң оңой жолу – туздуу пилинг. Ал үчүн курамы минералдуу заттар менен йодго бай деңиз тузун пайдаланыңыз. 4 аш кашык тузду 200 мл йогуртка же кефирге аралаштырыңыз. Аны чачыңыздын түбүнө массаж жасап, сиңдирип сүйкөңүз. Анан башыңызды жылуу ороп, 1 сааттай жүрөсүз. Белгиленген убакыттан кийин шампунь менен жууңуз.

Бул маска теридеги өлгөн клеткаларды жок кылып, баш терисинин кан айлануусун жакшыртат жана теридеги ашыкча майды кетирет.

100 грамм кефир, йогурт же простаквашага 2 чай кашык эфир майын аралаштырып, чачыңыздын түбүнө сүйкөйсүз. Бул масканын да какачтан куткаруучу касиети бар.

Эгер чачыңыз кургак болсо, анда кастор майы менен зайтун майынын 1 аш кашыктан аралаштырасыз. Ага жарым лимондун ширесин сыгып, кошуңуз. Даяр болгон масканы чачыңыздын түбүнө сиңдире сүйкөңүз.

Ал эми майлуу чачка бал менен алоэ маскасы пайдалуу. Ал үчүн 2 аш кашык балга 2 аш кашык алоэ ширесин, лимон ширесин, кастор майы менен эзилген эки тиш сарымсакты аралаштырыңыз. Бул масканы жумасына 2 жолу колдонуңуз. 3 курс дарылоодон кийин чачыңыздагы “ак кардан” биротоло кутуласыз.