Мээси укмуш экен! Кассир кардарлардын картасындагы сандарды жаттап акча уурдаган

12 сентября 2019 Мээси укмуш экен! Кассир кардарлардын картасындагы сандарды жаттап акча уурдаган

Шектүү элдин банктык карталары аркылуу интернет дүкөндөрдөн соода кылып жүргөн.

Япониядагы соода борборлордун биринде иштеген кассир Юсуке Танигучи 1300дөн ашык кардардын банктык картасынын маалыматтарын колдонуу менен каражат уурдаган.

SoraNews24 порталы полицияга шилтеме берип жазганына караганда, кардарлар сатып алган товарына төлөм жүргүзүп жатканда, кассир алардын банктык карталарындагы 16 сандуу номерин, аты-жөнүн, картанын мөөнөтүн жана CVV-кодун жаттап калган. Кийин ал маалыматтардын бардыгын блокнотко жазып, интернет дүкөндөрдөн соода кылып турган. Кийин алган товарларын ломбардга коюп, акчасын тамак-ашка, ижарага алган батирине жумшаган.

Кассир 2,5 миң долларлык эки сумка заказ кылганда колго түшкөн. Анын үйүнө курьер менен кошо полиция келген. Укук коргоочулар шектүүнүн үйүнөн банктык карталардын маалыматтары жазылган блокнот табышкан.

sputnik.kg