Ысык-Көлдө катуу шамалдан 30дан ашык турак жай чатырсыз калды

12 сентября 2019 Ысык-Көлдө катуу шамалдан 30дан ашык турак жай чатырсыз калды

Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы.

Ысык-Көл облусунда ылдамдыгы 25 метрге жеткен катуу шамал болуп, 30дан ашык турак жайдын чатырын алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Анын айтымында, кырсык болгон жерлерге облус башчысы Акылбек Осмоналиев, Каракол шаарынын башчысы Адыл Каниметов, тиешелүү органдар барып, чатырсыз калган жарандар менен жолуккан.

"Каракол шаарында табигый кырсыктан 38 турак жай, 19 чарба жайы, Ак-Суу районунда тогуз турак жай, бир күнөскана, "Чыгышэлектр" ААКка тиешелүү ишкана жана кирпич заводдун чатырлары учуп кеткен", - деди Кожоев.

Табигый кырсык боюнча жергиликтүү органдар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен комиссия түзүп, канча кишинин турак жайы авариялык абалда калганын эсептеп чыгышмакчы.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтпаев 12-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессия өткөрөрүн маалымдады.

"Элге жардам берүү максатында акча жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Суммасы жабыркагандардын саны такталгандан кийин белгилүү болот", - деди ал.

Айтпаев Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөткө да кайрылып, материалдык жардам көрсөтүүнү өтүндү.

sputnik.kg