Кой-Таш окуясы: мамкомиссия Асанов менен Жээнбековдун пикирин билгиси келет

12 сентября 2019 Кой-Таш окуясы: мамкомиссия Асанов менен Жээнбековдун пикирин билгиси келет

Мамлекеттик комиссия Кой-Таштагы окуя тууралуу маалымат алыш үчүн кийинки жыйынга депутат Асель Кодуранованы да чакырды.

Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, эки жумушчу топ түзүлдү.

Кой-Таш айылындагы окуяга катышы бар делгендерди жана себебин иликтеп-изилдөө тобуна Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Батырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиевдер кирген.

Ал эми болуп өткөн окуялардын анализин даярдоо тобунда Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараевдер бар.

Комиссиянын мүчөлөрү ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Орозбек Опумбаевдин маалыматтарын угушту.

Кийинки жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылды.

sputnik.kg