Сак болуңуз: Коомдук дааратканалар эмнеси менен кооптуу

10 сентября 2019 Сак болуңуз: Коомдук дааратканалар эмнеси менен кооптуу

Коомдук дааратканаларда адамдар үчүн ачык жаткан ар бир нерсе кооптуу, себеби анын суусун агызганда алар туш тарапка чачырайт. Бул тууралуу Conversation илимий журналы жазып чыкты.

Басылма кабарлагандай, самын салгычта, кагаз сүлгүлөрдө жана кол жуугучта ашыкча бактериялар болот. Алар дени сак адамдын өзүн ооруга чалдыктырышы мүмкүн. Адамдар бул нерселерди ишин бүтүрүп чыккандан кийин пайдаланат, ошондуктан анда микробдор көп чогулат.

Мындан тышкары, даараткана эшиктери да абдан булганган болот, себеби коомдук дааратканадан чыккандын баары эле колун жууй бербейт.

Адистер оору жуктуруу коркунучун төмөндөтүү үчүн төмөндөгү эрежелерди сактоого кеңеш беришет. Коомдук дааратканага барган учурда эшиктин кармоочун кагаз сүлгү менен кармаңыз, кол жуугучту кагаз сүлгү менен ачып жабыңыз. Ушундайча бактериялар менен байланыш тобокелдиги төмөндөйт.

Кээ бир изилдөөлөргө ылайык, бир катар адамдар дааратканада олтуруп телефон менен сүйлөшөт. Бул гигиена талаптарына туура келбейт. Басылма белгилеп кеткендей, телефондо дааратканага караганда он эсе көп бактериялар болушу мүмкүн.

Даараткана орундуктары анча кооптуу эмес, себеби бактериялар адамдарга колу жана оозу аркылуу барат. Мындан башка, бактериялардын басымдуу бөлүгү жерде, эшиктин кармоочунда жана даараткана кабинкасында турган кагаз сүлгүдө болот. Буга байланыштуу, коомдук дааратканаларда көп олтурбоого кеңеш беришет.