Ар бир аял билиши керек болгон кеңештер

10 сентября 2019 Ар бир аял билиши керек болгон кеңештер

Адатта, көпчүлүк “Аялзатына эмне керек?” деген суроонун айланысында гана ойлонуп, бул жарык дүйнөдө эркектердин да бар экенин унутуп калышат. Эркектердин да түрдүү каалоосу менен жанына жакын өз “дүйнөсү” бар. Ал эми ошол дүйнөнүн сырын түшүнгөн аялзаты гана күйөөсүн жакын биле баштайт. Анда эмесе, эркектердин каалоосу эмне экенине көңүл буруңуз.

1. Аны аңдууну токтотуңуз. Айталы, күйөңүздөн кийин компьютердеги кирген сайттарын же анын уялдык телефонун аңтаруунун кереги жок. Сизге кызык көрүнгөн ар бир “жаңылык” эркектер үчүн табигый көрүнүш экенин эстеңиз.

2. Эркектер үчүн достун орду өзгөчө. Сизди жолуктура элек учурда эле ал киного да, эс алууга да достору менен бирге барып жүргөн. Башкача айтканда, досторун сизден жакшы билет, ары сизди канчалык сүйсө дагы, досторун өзгөчө сыйлайт. Ошондуктан, досу менен сиздин ортоңузда тандоо жасоо керек болсо, сиздин көңүл сырттында калбайсыз. Ушуну унутпаңыз.

3. Ага ишенимдүү болуңуз. Башка эркекке көз салуу оюңузда болбосун. Бул бир гана мамилеңизди бузбаса, жакшылыкка алып келбейт. Экинчи жарымыңызды ошол калыбында сүйүңүз, ары баалаңыз.

4. Ал башкага моюн бурса, кабатыр болбоңуз. Ал тургандай көрмөксөн болуп кете бериңиз. Анын бул аракети жигитиңиздин ошол кызды (келинди) сүйүп калды, же ал сизден алда канча сулуураак дегенди билдирбейт. Бул – болгону эркектердин табиятынан ошондой жаратылгандын белгиси. “Башкага эмнеге көз саласың?” деп уруш чыгарган менен, эч нерсе өзгөрбөйт.

5. Анын энеси тууралуу жаман айтпаңыз. Энеси кандай болбосун, ал кишинин жаман жактарын жипке тизип жатканыңыз жарыңызга жакмак түгүл, анын нервине тиет. Ошондуктан, ал темада сиз жөн гана угуучу болгонуңуз туура. Ошондой эле, жолдошуңуз сиздин кайсы бир кулк-мүнөзүңүздү, же кылыктарыңызды өз энесине окшотуп, сүйүп калышы да мүмкүн да. Муну да эстеңиз.

6. Милдетиңизди билиңиз. Жубайлардын ортосундагы милдеттердин бири – төшөк ырахаты. Баш оору, ич оору сыяктуу шылтоолор менен узак убакыт бул милдеттен качуунун аягы жакшылыкка алып барбайт экени эсиңизде болсун. Эркектер муну жактырышпайт.

7. Аны кызгандырбаңыз. Ал сизди ар бир эркектен кызганат. Мейли, ал сиздин досуңуз, же кесиптешиңиз болсун... Анын ою боюнча бир эле жалгыз аны гана көрүүңүз керек. Ошондуктан, башка эркектердин жанында сөзүңүзгө, ишиңизге этият болуңуз.

8. Каалооңузду анык айтыңыз. Эркектер табышмак табууну жактырышпайт. Ошондуктан, оюңуздагыны “намёк” менен түшүндүрүп, убара болбой эле коюңуз.

9. Чач кескенде... Эркектердин көпчүлүгү өтө кыска чачтуу кыздарды жактыра беришпейт. Алар үчүн аялдын чачы эркектердикиндей тикирейбей, толкун сымал таралып турушу керек. Ошондуктан, чачтарачка барарда ойлонуп алыңыз.

10. Кыйынчылыкта таянар тоосу болуңуз. Жашоо бир гана жеңиштен гана эмес, жеңилүүлөрдөн да турат. Ошондой учурда күйөөңүзгө колдоо көрсөтө билиңиз. Албетте, акыл айтып, дайыма жол көрсөтүүнүн кереги жок. Анын ордуна жолдошуңузду кандай жакшы көрөрүңүздү айтыңыз, анын сүйүктүү тамагын бышырып бериңиз. Ал сиздин камкордугуңузду ошондойдо сезет.