19 жаштагы кыз жигитин курал менен коркутуп, жыныстык катнашка барууга мажбурлаган

10 сентября 2019 19 жаштагы кыз жигитин курал менен коркутуп, жыныстык катнашка барууга мажбурлаган

Монтана штатынын 19 жаштагы жашоочусу өзүнүн мурунку сүйүктүүсүн курал менен коркутуп, жыныстык катнашка мажбурлаган. Саманта Мирс жигиттин үйүнө жашырынып кирген.

Кыз жигиттин бетине курал такап, чечинүүнү талап кылган. Жаш жигит сүйгөнүнүн айтканын жасап, аны менен жыныстык катнашка барган. Бирок, ошол учурда да Саманта колунан куралын таштаган эмес. Мурунку сүйгөнүнүн курал менен турган учурун жигит сүрөткө тартып үлгүргөн.

Азыр жаш жигиттин арызы боюнча Самантанын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.