Саламаттык сактоо министрлиги: Бала төрөгөнгө чейин 7 эркек менен жакындашкан аял тукумсуз болот

8 ноября 2018

7 эркек менен жакындашкан аял тукумсуз болуп калабы? Бул тууралуу адистер пикирин ортого салышты.

Чувашиянын Саламаттыкты сактоо министри Владимир Викторов бала төрөгөнгө чейин 7 эркек менен жакындашкан аялдын тукумсуз болорун айтты.

Министр бул маалыматты өлкө башчысы Михаил Игнатьевдин көзүнчө билдирди.

Эртеси күнү Саламаттык сактоо министрлигинин порталында министрлик карамагындагы “Президенттик перинатардык борборунун” башкы дарыгери пикирин билдирди.

Сергей Милаевдин айтымында, тукумсуздук сезгенүүнүн таасиринен башталат.

“Сезгенүү жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан пайда болушу мүмкүн. Дүйнөлүк маалыматка ылайык, бир гана хламидиоза жаштар арасында 30 пайызга өскөн. Жыныстык катнаш аркылуу жуккан оору 50 пайызга жеткен. Буларды эске алуу менен, өнөктөшүн көп алмаштырган аялдардын тукумсуздукка чалдыгары белгилүү”, - айтылган билдирүүдө.

Адистердин айтымында, сезгенүү белгилери бар аялдардын баары тең балалуу боло албайт деген сөз жок. Бирок, андан сактанган туура экенин эскертишти.