АКШ аялдар үчүн барууга абдан кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирди

10 сентября 2019 АКШ аялдар үчүн барууга абдан кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирди

Британиялык “Томсон рейтер” фонду 550 серепчинин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып, аялдар үчүн барууга абдан кооптуу өлкөлөрдүн тизмесин аныкташты. Алардын биринчиси – Индия, себеби бул Азия мамлекетинде күн сайын зордуктоо тууралуу жүздөгөн арыз катталат.

Андан кийинки орунда куралдуу чыр-чытактар токтобой турган Ооганстан, Сирия, Сомали турат. Бешинчи орунда акыркы жылдары аялзатына салынган бир катар тыюуну алып, реформаларды жүргүзө баштаган Сауд Арабиясы жайгашкан. Бул өлкөдөн кийин Пакистан, Конго, Йемен, Сирия, Нигерия жана АКШ көрсөтүлгөн.

Адистер Кошмо Штаттардын тизмеге киришине «#MeToo» кыймылынын таасири болгонун айтышат. Ал эми сурамжылоо ден соолукту сактоо, экономикалык ресурстарга мүмүкүнчүлүк алуу, зордук-зомбулук сыяктуу маселелер боюнча жүргүзүлүп, андан кийин бааланган.