Өкмөттүк трассадагы кырсыктан жаракат алгандардын абалы айтылды

10 сентября 2019 Өкмөттүк трассадагы кырсыктан жаракат алгандардын абалы айтылды

Автобус менен жеңил унаанын кагышуусунан төрт адам мерт болуп, жетөө жаракат алган.

Саламаттык сактоо министрлиги өкмөттүк трассадагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда, 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде Skoda Octavia менен №8 автобус кагышып, жеңил унаадагы төрт бала мерт болгон.

Кырсыктын кесепетинен жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кеткен.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна үчөө жаткырылган.

— 30 жаштагы кишинин мээси чайкалып, башы жабыркаган. Оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат;

— Болжол менен 20-25 жаштагы кыз. Мээси чайкалып, башы жарылган. Жандандыруу бөлүмүндө жатат, өзүнө келе элек;

— 59 жаштагы аялдын билеги сынган, абалы орто.

Улуттук госпиталдын №1 нейротравма бөлүмүнө башынан жаракат алган 21 жаштагы кыз жеткирилген. Абалы ортодон оорураак.

Шаардык балдар клиникалык ооруканасына эки бала жаткырылган.

— 16 жаштагы кыз башынан жаракат алып, нейротравма бөлүмүндө жатат. Абалы ортодон оорураак.

— 8 жаштагы кыз жеңил жарааты менен жаткырылган, абалы канааттандырарлык.

sputnik.kg