Өтө эле сулуу: 26 жаштагы кызды ата-энеси үйдөн чыгарбайт

8 ноября 2018

Анжелика абдан сулуу болгондуктан, ата-энеси аны көчөгө чыгуусуна тыюу салган. Аял жандуу эркектер кызды ата-энеси үйүндө коркутуп, камап олтурушат деп эсептерин news.com сайты кабарлайт.

Куурчакка окшош келбетке ээ болуу үчүн Анжелика эч кандай операция жасаткан эмес. Бирок, табият берген сулуулук ага тескерисинче, көйгөй алып келген.

26 жаштагы кызды “алтын капаска” камап олтурган энеси аны өзү кийиндирип, көчөгө чыкса аны уурдап кетет деп коркутат.

Чынында ата-энеси өтө сулуу кыздарынын өмүрү үчүн абдан тынчсызданышат. Ошол себептен, аны көчөгө жалгыз чыгаруудан коркушуп, жанына жансакчы кошуп беришет.

“Мен чоңойгончо ата-энем мени ханбийкедей карашты. Бала чагымдан үйдөн чыгарбай, уул балдар менен сүйлөшүүгө уруксат беришчү эмес. Натыйжада мен чыныгы жашоодон калып, тирүү куурчакка айландым”, - дейт Анжелика.

Ошондой эле, кыздын ата-энеси аны кемчилиги жок сулуулугу бузулуп кетпеш үчүн тамактануу тартиби менен спорттук көнүгүүлөрдү жасоосун дайыма көзөмөлдөп турушат.

Ал эми Анжелика ашыкча камкордуктан кутулуп, эркиндикте, чыныгы жашоо менен жашоону кыялданарын айтат.