Кыргыз жигиттери үйлөнгүсү келбеген кыздардын 5 түрү

9 сентября 2019 Кыргыз жигиттери үйлөнгүсү келбеген кыздардын 5 түрү

Жыйырмадан ашкан соң ар бир кызды турмушка чыгуу тууралуу ой тынчын ала баштайт. Кээ бири эрте теңин таап кетсе, ал эми башкасы “Менин жарым болчу?” деген сунушту узак убакытка күтүшөт.

Психологдордун айтымында, төмөндөгү кыздардын 5 түрүнө жигиттер оңой менен сунуш жасабайт. Анда эмесе алардын катарында кандай кыздар бар экенин чогуу талдайлы.

1. “Актриса” бийкечтер

Жо-о-ок, бул жерде адистикти айтып жатканыбыз жок, “Актриса” деген түргө кирген кыздарды сөз кылабыз. Алардын чектен ашкан кылыктары менен табышмактары болот. Алар эч кимге окшобогон бир ролго кирип алат жана аны дайыма өзгөртүп турушу да мүмкүн. Ал эми алардын мээси оорчулук келтирген ойду ойлогусу келбейт.

2. “Чыгармачыл” бийкечтер

Мында “чыгармачыл” сөзү жумушка эмес, мүнөзгө байланыштуу айтылып жатат. Мындай сулуулар өзүнүн көз карашы менен каалоосун мүнөт сайын алмаштырып турушат. Өздөрү анык чечим кабыл ала албайт. Мындай кыздардын жанында ар бир эркек андан ары эмне болорун билбейт. Ушул кылыктар мырзалардын психикасына таасир этип, тынчын алат.

3. “Билгич” бийкечтер

Бул типтеги кыздар эркек эмнени каалай турганын жакшы билишет. Алар жигиттер менен мамиле түзүү тууралуу бардык китептерди окуп, тренингтерге катышат. Мындай кыздардын пикири калыптанган жана түрдүү темада баян сүйлөшө алышат. Ал эми ушундай кыздар менен жолуккан мырзалар өзүнүн зиректигине күмөн санай баштайт. Ошондуктан, качып кеткенди артык көрүшөт.

4. “Пьеро” бийкечтер

Пьеро, башкача айтканда өз жашоосуна көңүлү толбогон адамдар. Бардык жашоосу муңга толгон, келбети “келишип” калган, жумушта жолу жок, жада калса аба ырайына да нааразы болуп жүрүшөт. Бүткүл өмүрүн апатия, депрессия менен өткөрөт, бир сөз менен айтканда жашоосун өзгөртүүгө каалоосу жок кыздар. Эркек – психотерапевт эмес, коргой турган адам. Мындай кыздар менен сүйлөшө баштаган жигиттер алардан дароо кутулууга аракет кылышат.

5. “Көз каранды эмес” кыздар

Бул кыздар жалгыздыктан коркушпайт. Сүйүктүү адам кездешсе каршы эмес, ал эми кездешпесе жалгыз жашоого да боло берет деп ойлошот. Ал тургай бул типтеги кыздардын кээ бирлери үйүндө дайыма бир жигитти көрүүнү туура көрбөйт. Бир жигит менен таанышса, келечекте мүмкүн мындан да жакшысы жолушуп калар... деген ой менен жүрүшөт. Бул кыздар жигиттердин бир рамкадан чыкпашын, кемчиликсиз эркектин ролунда болушун каалайт. Мындан тышкары, алар өз сөзүндө жалгыздыктын жакшы экенин айтып турушат, ал эми жигиттер алардан коркушат.