Оң кол менен иш кылгандар сологойлорго караганда 10 жылга узак жашашабы?

9 сентября 2019 Оң кол менен иш кылгандар сологойлорго караганда 10 жылга узак жашашабы?

Адам организми тууралуу кызыктуу маалыматтар.

Бир жылда 12 ай болсо, адамда 12 мүчө бар. Бир жыл 365 күндөн турса, Кытай дарыгерлеринин айтымында, адамда да ошончо муун бар. Мунун баары адамдын жаратылыш менен тыгыз байланышта экендигин айгинелейт. Өзүңүздү сырткы көрүнүшүңүз менен бүтүн бир организм деп эсептесеңиз адашасыз. Сырттан караганда ошондой болгону менен, адамдын ичинде канча миллиондогон тирүү бактериялар жашайт экени тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле? Назарыңыздарга адам организмине карата кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

● Оң кол менен иш кылгандар сологойлорго караганда орточо эсеп менен 10 жылга узак жашашат.

● Адам манжасынын тырмагы жердин өз огунда айлануу ылдамдыгында өсөт.

● Адам денесиндеги эң катуу жери – тишти каптап туруучу эмаль

● Адамдын көзү бир убакта 10 миллион түрдүү түстөрдү көрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ.

 ● Адамдын орточо жашоосундагы чачынын жалпы узундугу 725 чакырымга тең болот.

● Адам организминдеги жашаган бактериялардын жалпы салмагы – 2 килограмм.

● Адамдын ооз көңдөйүндө 40 миңден ашык бактерия жашайт.

● Ар мүнөттө адам организминде 300 миллион клетка өлүп турат.

● Адам денесиндеги 80 пайыз жылуулук башы аркылуу чыгып турат.

● 60 жаштан ашкан адамдардын 50 пайызы даам сезүү жөндөмдүүлүгүнөн айрылат.

● Бир адамдын денесинде бүткүл жер бетинде жашаган адамдардын санынан көп тирүү организм жашайт.

 ● Адамдын көзүндөгү кирпик ар жүз күндө жаңырып турат.