Тар шым кийүү ден соолукка зыян

9 сентября 2019 Тар шым кийүү ден соолукка зыян

Бүгүнкү күндө америкалык брендке айланган джинсы шымдарын кийбеген адам дүйнөдө өтө аз. Ал эми арасында модага айланган тар джинсы шымдардын зыян экенин дарыгерлер эскертип, коңгуроо кагышууда.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча, дайыма тар шым кийип жүргөн адамдардын ден соолугунда оорунун бир нече түрү кездешет. Алардын башы көп айланып, заара жолдорунун ооруларына чалдыгышат. Вашингтондук дарыгер Карен Бойлдун айтымында, тар шымдар неврит оорусуна, нервдин сезгениши менен жамбаш тамырдарынын кысылышына алып келет.

Невритке чалдыккан адамдын жамбашында тешик пайда болуп, буту көп уюп кала бере турган болот. Ошондуктан, дарыгерлер жаш кыздардын тар джинсынан көрө жумшак кездемеден тигилген шымдарды кийгени зарыл деп кеңеш берип жатышат.

Мындан тышкары, эркектерге да джинсынын тийгизген бир топ зыяны бар. Эгер тар джинсы шым кийсе, анда белден төмөн жайгашкан тамырлар кысылып, бир калыптуу иштешин токтотушу мүмкүн. Бул өз кезегинде жыныс мүчөнүн түрдүү ооруларына алыр келет. Ошондуктан, эркектер да тар эмес, кенен шым кийиши керек. Джинсынын эркектерге арналган кенен тигилген түрлөрү бар, ал эми аялдарда мындай тандоо жок.