Төшөктө “жолуңуз болбой” жатабы?

9 сентября 2019 Төшөктө “жолуңуз болбой” жатабы?

Албетте, эч ким мындай сырын ачпайт. Эми бир ишенимдүү, жакын санаган адамына эле айтпаса, бул өтө “интимдүү” маселе. Ошентсе да, “төшөктө жолу болбоо” – белгилүү бир убакытта, белгилүү бир себептерге байланыштуу болот. “Менде андай проблема жок” деп төш кагууга ашыкпай коё туруңуз, “жаман айтпай жакшы жок” деген сөз бар.

Өзүңүзгө болгон көз карашыңыз негизги роль ойнойт

Сымбаты келишкен, идеал өлчөмдөргө ылайык келгендер абдан аз. Эл айта берген 90-60-90 же... (эркектердин параметри кандай эле), жалпы дене боюнан бир кемчилик табылбаган адам болбойт.

Эгер “тиги жерим андай, бул жерим мындай”, “өтө арыкмын”, “толуп кеткенмин”, “бутум кыска”, “өтө узунмун” жана башка ушундай ой менен өзүңүздү басынта бере тургандырдын бири болсоңуз, анда сиздин жолуңуз уктоочу бөлмөдө ийгиликтүү боло бербейт.

Эркектерден үйрөнүү керек! Алар эч качан уктоочу бөлмөгө өзүнүн бир кемчилин ойлоп кирбейт. Алар төшөктө абдан ишенимдүү болуп чыга келишет.

Эң сексуалдуу мүчө - мээ

Эң сексуалдуу мүчө дегенде башкасын ойлосоңуз, адашасыз. Башка жакты даярдагандан мурда, уктоочу бөлмөгө кирерде биринчи мээңизди даярдашыңыз керек.

Эгер күйөөңүздү же жарыңызды ойлоп, ага ачууланып турган болсоңуз, төшөктө жакшы бир натыйжага жете коём деген да ката. “Жан тынчтыгын орнотуунун 10 ыкмасынын жетөөсү төшөктө” деген принцип менен жашаш керек. Ал эми аны болтуруу үчүн денеңиз менен кошо мээңизди да “тазалап” туруп, төшөккө кириңиз.

“Киришпе”

Аты өзү айтып тургандай, даярданбай туруп киришпе! Жалпысынан төшөк ырахаты деген эмне? Ал сизге эмне үчүн керек? Анын таасири канча убакыт созулат? Пайдасы менен зыяны кандай? Ушул сыяктуу суроолорго жооп таба алсаңыз, сиздин никеде да, төшөктө жолуңуз болду деп эсептей бериңиз.

Төшөк катнашы, андан алган ырахат – табияттын никедеги түгөйлөргө берген эң керемет белеги. Ал белекти туура кабыл алып, мүдөсүнөн да чыга билүү керек. Эгер табияттын ушул бир белегине урмат менен карай албасаңыз, анда башкасын күтүүгө акыңыз барбы?