Чачты тез өстүрүүчү маска

9 сентября 2019 Чачты тез өстүрүүчү маска

Бул масканы 1 ай бою жумасына 1 жолу жасоо керек. Туура пайдаланган учурда чачты 15 смге чейин өстүрүүгө мүмкүндүк бар.

Масканын жасалышы абдан оңой, негизинде горчица болгондуктан, ал баш терисин ысытып, чачтын түбүнө кан жүгүрөт.

Ал үчүн:

2 аш кашык кургак горчица унун (татымалдар бөлүмүндө сатылат) ысык суу менен аралаштырабыз; 2 чоң кашык ысык суу; 1 жумуртканын сарысы; 2 аш кашык зайтун майын (же каалаган косметикалык май); 2 чай кашык шекер (шекер көп кошкон сайын, горчица ысытат). Ушул кошулманы чачтын арасына баштын терисине сүйкөңүз. Чачтардын түбүнө, айрыкча кургак терилерге тийгизбөөгө аракет кылыңыз (натыйжалуу таасир этүү үчүн чачтын кургак түбүнө жылытылган косметикалык май сүйкөсөңүз болот). Башыңызга целлофан ороп, үстүнөн жоолук кийип алыңыз.

15 мүнөттөн  1 саатка чейин кармоо керек. Баары сиздин чыдамкайлыгыңызга байланыштуу. Эгер башыңыз “өрттөнүп” бара жатса, 15-20 мүнөт кармаңыз.

Көңүл буруңуз! Биринчи жолу сүйкөгөндө милдеттүү түрдө 15 мүнөт кармоо керек, көнүп калгандан кийин жарым саат, бир саат олтура бериңиз.

Масканы жумасына 1 жолу, эгер майлуу чач болсо, 2 жолу жасоо керек.

Масканы жылуу суу менен, кийин шампунь менен жууңуз. Жакшы таасир этүү үчүн каалааган бальзамды колдонсоңуз болот.

Мындай масканын таасиринен көптөгөн чачы жок эркектердин чачтары өсүп, калыңдаганы байкалган. Ушул ажайып масканы сиз да колдонуп көрүңүз.