Көргөн түшүңүздү унутпоо үчүн эмне кылуу керек?

9 сентября 2019 Көргөн түшүңүздү унутпоо үчүн эмне кылуу керек?

Изилдөөчүлөр адамдардын түшүн кантип эсте сактап калууга болорун аныктоого аракет кылышты.

“Чындыкка жанашкан жана эмоцияга толгон түштөрдү адамдын мээси эсинде сактап калууга аракет кылат”, - дейт автралиялык нейробиолог Томас Ендрилон.

Изилдөөчү түштөрдү болушунча эсте сактап калуу үчүн жатарда бир чыны суу ичүүгө кеңеш берет. Табарсык толгон учурда ойгонууга аргасыз болосуз, бул учурда түшүңүздү эске салуу жеңилирээк болот.

“Түн жарымда ойгонуу түштү эсте сактап калууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет”, - дейт Гарварддынмедицина мектебинин доценти Роберт Стикголд.

Ал уйкудан ойгонгондо дароо туруп кетпей, түшүңүздө эмне көргөнүңүздү эске салып көрүү керектигин айтат.