Эркектер айымдардын жамбашына бир гана “жаман ой менен” карашпайт

9 сентября 2019 Эркектер айымдардын жамбашына бир гана “жаман ой менен” карашпайт

Эркектердин басымдуу көпчүлүгүнө жамбаштуу аялдар жагат. Бөдөнө тумшук көкүрөк, кымча белден кийин тегерек жылмакай жамбаш турса, эркек аттуулардын көз ала албай кала тургандыгы чындык...

Бул жолу эркектерге айымдардын жамбашы эмне үчүн жагарынын себебин аныктап көрүлү.

Муну биз асмандан алып жаткан жокпуз, атайын далилденген. Изилдөөчүлөр эркектерге эмнеге аялдын жамбашы жагарын жана жамбаштуу аялдардын жагарын, ошондой эле, болгондо да жамбаштын кандай түрү жагарына чейин изилдеп көрүшкөн.

Натыйжада, аялдын аркасы менен тик түшүп келип белинен ылдый түшө берген жерде жамбашы 45 градус кайкалап барып, томпоюп бүткөн жамбаш – ар бир эркектин оюнан чыгары белгилүү болду. Башка эмес, дал ушул 45 градус!

Жок, эркектер тууралуу “жаман ойлоп” калбаңыз. Аял жамбашына эркектер бир гана шилекейи чуурулуп кумарлануу менен эле карабайт, мунун астында чоң маани жатат.

Кайкы бүткөн жамбашка “көз салуу” эркектердин пайда болгон тарыхынан, башкача айтканда, адамзаттын эволюциялык табиятынан белгилүү. Жомокто жамбашы кайкалаган аялдарга кош бойлуулуктун акыркы айына чейин ишке жарамдуу, ары омурткасына эч бир зыянын тийгизбей дүйнөгө урпак алып келе алат деп айтылган дешет. Ошондой эле, жамбаштуу аялдарга эркектер экинчи бир себеп менен – “дүйнөгө көп урпак алып келе алат, бала төрөгөнгө мүмкүнчүлүгү жогору” деп да карашат.

Окумуштуулардын маалыматында, жамбаштуу аялдардын жагымдуулугу – анын көлөмүндө эмес, омурткасынан ийиле бүткөндүгүндө.

Изилдөөгө катышкан 300 эркекке омуркасы ар кандай градуста ийиле бүткөн аялдын турпатын көрсөтүп, жагымдуулугу боюнча баалоо жүктөлгөн. Натыйжада, 300 эркектин басымдуу бөлүгү омурткасы 45,5 градуска ийилип, жамбашы кайкалап бүткөн аял турпатын сымбаттуу деп табышкан.

Бул медицинанын көз карашында да туура деп эсептелинет жана аялдарды омуртка оорусунан сактайт.

Демек, жамбашка көзү түшкөн эркектин баары “жаман ойлуу” эмес. Алардын да “бир ойлогону” бар экенин сиз да бир ойлоп коюңуз.