Өзүн сыйлаган адам мындай нерселерге чыдоого жол бербеши керек

6 сентября 2019 Өзүн сыйлаган адам мындай нерселерге чыдоого жол бербеши керек

Адамзаты көбүнчө өзүнүн ишенбестигинин барымтамасында болуп келет. Алар башкаларга өзүнө катаал мамиле жасоого жана ага чыдоого жол беришет, анткени өздөрү көп нерсени туура эмес жасайбыз деп ишенишет. Чынында, сиздин жашооңуз жакшы жагына өзгөрүүсүн кааласаңыз, айланаңыздагыларга сизди башкарууга эч качан жол бербеш керек.

  1. Сиздин кемчилдигиңизди айтып, уяткарышабы?

Бул жерде кеп баарына милдеттүү болгон дресс-код жана сиздин адепсиз кийингенизде эмес. Эгер башкалар сиздин сырткы келбетиңизге, кийинүү стилиңизге, хоббиңиз же сиз тандаган адам тууралуу терс пикирин билдиришсе, анда мындай адамдарга көңүл бурбай эле коюңуз, сиз кимдир бирөөгө отчет берүүгө милдеттүү эмессиз. Эгер алар сиздин жашооңузга кийлигише берсе, демек алардын шажоосу кызыксыз.

  1. Сизди карьераны же жеке жашоону танда деп мажбурлагандар бар.

Тилекке каршы, мындай кырдаал бир элеа жумушта эмес, үй-бүлөдө да болушу мүмкүн. Эсиңизде болсун, сизге жумуштан баш тартуу, үй-бүлөнү тандоо керектигин, же башка дагы бир иштерди жасоону айтууга эч кимдин укугу жок. Көптөгөн адамдар бул жашоонун эки аспектин эң сонун айкалыштырып, хобби үчүн дагы убакыт таба алышат. Басымга жол бербеңиз жана өзүңүздү гана угуңуз.

  1. Дүйнөдө баары сиз үчүн чечим кабыл алышат

Балким, сизге “жардам” берүүгө аракет кылган адам чынында бир нерсени сизден алда канча жакшы түшүнөт чыгар. Бирок, бул ага өз оюн жана кызыкчылыгын сизге таңуулоого укук бербейт. Сиздин жашооңуз так өзүңүзгө гана таандык жана акыркы тандоо да сиз жактан болушу керек, жашооңуздагы каталар башканыкы эмес, сиздики болуш керек.

  1. Сизди бактысыз кылган мамиле

Адамдар мамилени аныктоого жана урушууга ушунчалык көнүп калгандыктан, муну жүрүм-турумдун нормасы катары санап келишет жана аны өзгөртүүгө аракет кылышпайт. Эгер сиздер мамиледе дайыма урушуп турсаңыздар, бул баарын таштап басып кетүү керек дегенди билдирбейт. Бирок, эгер сиздин жашооңуз бул адамсыз бактылуу жана жеңил боло турган болсо, мүмкүн чыдоону токтотуу керек.

  1. Секске мажбурлоо, мындай кадамга көбүнчө күйөөлөр барышы мүмкүн

Аял никеге турса эле анын денеси бүтүндөй күйөөсүнүн бийлигине толугу менен өтөт дегенди билдирбейт. Сиздин денеңиз өзүңүзгө гана таандык, ал эми адекваттуу өнөктөш сиздин баш тартууңузду туура кабыл алат жана ачууланбайт же таарынбайт. Эгер жолдошуңуз ар дайым тынчыңызды алып, өзүмчүлсүң деп күнөөлөп, же жаңжал чыгарса, ойлонуп көрүңүз, сиздин жаныңыздагы адам керекпи?