Коко Шанельден 7 кеңеш

8 ноября 2018 Коко Шанельден 7 кеңеш

Мода дүйнөсүндө өзүнчө орду бар Коко Шанель сулуу, ары таасирдүү болуу үчүн кандай принциптерди карманганын билесизби? Ал сулуу көрүнүп гана тим болбой, өзгөчө таасир калтыруунун да анык чебери болгон. Анда эмесе атактуу саркеч айымдын негизги жети эрежесин сунуштайбыз.

  1. Кемчиликсиз белдемчи тизени жаап туруу керек

Коко Шанель тизени аялдын денесиндеги эң “көрксүз” деп билген. Ошондуктан, аны белдемчинин этеги менен, шым менен ар дайым жаап жүрүү керек деп ойлогон. Бүгүнкү күндө этеги тизеден бир аз ылдый түшүп турган белдемчилер классика болуп саналат.

  1. Шым аялга эркиндик тартуулайт

Өз учурунда Коко Шанель аял кишилерге арнап шым тиккендин эң алгачкыларынын бири болгон. Ал эркектерге арналган шымдарды өзүнө ыңгайлаштырып тигип, кийип алчу. Шымдын артыкчылыгы тез басууга жана олтурууга абдан ыңгайлуу эле. Кийин Коко кечки жолугушууга кийүүгө кенен багалектүү шымдарды чыгарган.

  1. Аксессуарлар көп болушу керек

Коко жасалгаларга абдан кызыкчу. Ошондуктан, ар бир кийимин түрдүү аксессуарлар менен толуктаган. Анын коллекциясында жакут, гаухар, шуру сыяктуу кымбат таштар менен катар жөнөкөй бижутерия да бар болгон. Ошондой эле, саркеч кооз төнөгүчтөрдү тагынчу.

  1. Кол бош болуу үчүн баштыктын боосу болушу керек

30-жылдары Коконун чыгарган узун боолуу белгилүү баштыктары ишкер аялдардын образын кемчиликсиз толуктап турду. Мындай баштыктар ийинге оңой асынып эле койбой, жөө басканда ылайыктуу жана башкысы колду бош алып жүрүүгө ылайыктуу болчу.

  1. Саркеч бут кийим эки түстүү болушу мүмкүн

Коко негизи кара жана ак түстөрдү айкалыштырып иштеген. Анын чыгармаларынын көпчүлүгү ушул эки түстөн турат. Коконун кара тумшуктуу ак туфлилери классика болуп саналат. Саркеч айым кара түстүү тамандын жалпактыгы визуалдуу кичирейтип көрсөтөт деп эсептеген.

  1. Кичине кара көйнөктүн күчүн ишке ашырыңыз

Бул – Коко Шанельдин стилинин негизги принциби. Анткени, башка эмес, так Коко кара түстү “кайгы жана муң” түшүнүгүнөн арылтып, аны күн дө кийүүгө боло турганын далилдеген. Шанелдин ою боюнча, ар бир кыз-келиндердин гардеробунда туура тандалган аксессуарлар менен күндүз да ар кандай кечелерге да кийүүчү кичине кара көйнөк болушу керек.

  1. Атыр да – кийим

Коко Шанель гүлдөрдүн жыты менен белгилүү атыр чыгарган. Ал: “Атыр – көзгө көрүнбөйт, бирок унутулгус, эч нерсеге теңелгис саркеч аксессуар. Ал айымдын келе жатканы тууралуу кабар берет жана кетип жатканда да ал тууралуу эске салып турат” деген.