Кудайдын көңүлүн алуу үчүн төрт жашар кызын курмандыкка чалды

6 сентября 2019 Кудайдын көңүлүн алуу үчүн төрт жашар кызын курмандыкка чалды

Индиянын Раджастан штатында өзүнүн төрт жашар кызын Кудайга курмандыкка чалган жаран кармалды. Ал баласын абдан жакшы көргөнү үчүн ушундай кылууга аргасыз болгонун айтат.

Наваб Али Куреши аттуу 26 жаштагы индиялык жарандын бул аракетин дароо мойнуна алган.

Ал баланы тайэнесинен сурап, алып кетип, биринчи таттууга тойдуруп алган.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары түндө уйкуга кеткенде кызын ойготуп, үйүнүн кире беришине алып чыккан. Төрт жаштагы кызын тизесине олтургузуп алган Наваб биринчи дуба окуп, андан кийин кызынын тамагын мууздап салган. Ишти бүтүргөн соң ордуна барып жатып алган.

Түн ортосунда кызынын өлгөн денесин энеси таап алат. Дарыгерлерди чакырганы менен, алар кызга эч кандай жардам көрсөтө алган эмес.

Белгилей кетсек, Наваб өзүн шайтан азгырганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган.