Интернет аркылуу жигитти өзүнө кантип кызыктырууга болот?

6 сентября 2019 Интернет аркылуу жигитти өзүнө кантип кызыктырууга болот?

Өнүккөн заманда заманбап технологиялардын алдыңкылары басып жатат. Бүгүнкү күндө эмгектеген баладан эңкейген карыяга чейин интернетти жакшы билет. Ал тургай, туурасын айтсак, далайлар таанышып, мамиле куруп жаткандары да бар. Чындыгында, интернетте сүйүү курууга болобу деген суроо жаралат. Бул жөнүндө жаштардын көпчүлүгү курууга болорун айтышат.

Анда эмесе, интернет аркылуу жигитти өзүнө кызыктыруунун жолдорун көрсөтөбүз.

Сүрөт

Сүрөтүңүздүн саны эле эмес, сапаты да маанилүү. Келбетиңиз сулуу, бет түзүлүшүңүз жагымдуу болсун! Эс алуудагы, театрдагы, кино, кафедеги эң жакшы деген сүрөттөрүңүздү жүктөңүз жана профилиңизде да күлүп түшкөн сүрөттөрүңүз көп болсун.

Өзүңүз тууралуу маалымат

Өзүңүз тууралуу анык маалымат бериңиз жана ал ар бир жигитти кызыктыра тургандай кылып жазылганы туура. Эсиңизде болсун, өтө ачык маалымат берүүдөн алыс болуңуз. Сырдуулугуңузду сактаңыз.

Жазышуу

Интернет аркылуу жазышканда муздак кандуулукту көрсөтпөңүз. Албетте, кыздар дароо кызыгуучулук көрсөтпөй, өз алдынча “өзүнчө” түр көрсөтөрү анык. Ошентсе да, эгер сиз жигит менен муздак сүйлөшө турган болсоңуз, анын кызыгуусу тарап кетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, жалгандан өзүңүздү алыс кармаганыңыз туура. Жалган, алдоо деген нерселер ортодогу ишенимди жоготот.

Ачык болуңуз!

Ар бир жолу кат жазганда байкатпай, кызыгуу билдиргениңиз туура.

Аны мактап, колдоп, коштоңуз

Бул эркектерге жагат. Эгер сизге бар окуясын айтып, бугун чыгарып жатса, руханий жардам бериңиз!

Негизгиси, чынчыл болуңуз!

Ар кимдин табити ар башка, тандоосу бөлөк. Ошондуктан, кандай болсоңуз, ошол боюнча калып, өткөн жашооңуз боёксуз болгону туура.