Эркектин ою: бир гана төшөкбү же чыныгы сезимби? Муну билүүгө болот!

6 сентября 2019 Эркектин ою: бир гана төшөкбү же чыныгы сезимби? Муну билүүгө болот!

Даароо келишип алалы. Бул тема башы бош кыз-келиндерге арналган. Ошондуктан, үй-бүлөңүз болсо, сизди кызыктырбайт деп ойлойм. Ал эми өмүрлүк жарын али да издөө жолунда жүргөндөргө пайдасы тийип калар.

Көпчүлүк кыз-келиндерден “жолугушуп жүрөбүз, бирок оюнда эмне бар экенин түшүнбөйм” деген сөздү көп угам. Ким билет, ал эркектин да айта албаган бир маселеси бар чыгар. Бирок, бир нече белгилерге карап анын оюн байкоого болот. Бул жерде кыз-келиндер бир аз “көзүн ачып” карашы керек.

Эркектин оюн окууга болот

Эркекте эки махабат болот: бири – “дене махабаты”, экинчиси –  “жан дүйнө махабаты”. Болжолдоп түшүнүп жаткан чыгарсыз. Башкача айтканда, “дене махабаты” менен ооругандар – дене ырахатына ыраазы болуп жүрө берсе болду. Акчасы, төшөктө туруктуу шериги, кызматы бар. Үй-бүлө куруп, мээсин ашыкча жоопкерчилик менен ачыткысы келбейт. Ошондуктан, жаныңызда жүргөндө да бала, үйлөнүү тууралуу сөз боло калса, башка жакка бура салышы мүмкүн.

Экинчи учурда, “жан дүйнө махабаты менен” жүргөндөр эмнеге болсо да даяр. Бирок, аларды белгилүү бир себептер (чөнтөгүнүн жукалыгы, үйүнүн жоктугу, үй-бүлөлүк себептер ж.б) токтотуп турат. Жаныңызда болууга аракет кылат, жардамдашып эле жүрөт, колунан келишинче белек жасайт. Бирок, үйлөнүү темасына келгенде кийинкиге калтырып коё берет.

Бир гана төшөк маселеси кызыктырган эркектердин башкы белгилери:

1. Ал бир гана төшөк тууралуу сөз кылат

Ал тургай, өзүнө эмне керек экенин таанышкан күндөн баштап эле ачык айта баштайт. Ал кызды чочутуп алам деп коркпойт. Тескерисинче, өзүнө башынан баштап үйрөтүп алып, көздөгөнүнө эртерээк жеткиси келет.  “Белден ылдый” сөз айткандар аялзатына туура мамиле жасай албагандар “классына” кирет.

2. Өтө жыйнактуу ары тартиптүү

Кыз-келиндердин көбү ушундайларга алданып калышат. Туура, ал жогорку кызматта иштейт, бизнеси бар. Сүйлөгөн сөзү да орундуу. Ашыкча сөзү, жаман адаттарын такыр көрсөтпөйт. Кантип байкоого болот? Аларда эмоция болбойт. Чындап күлүп, жан дили менен кубана албайт. Күлө турган жерде сиздин көңүлүңүз калбасын дегендей өзүн зордоп жылмайып коюшу мүмкүн. Мындай эркектер сиздин денеңизден ырахат алган күндүн эртеси эле телефон номерин ыргытып, же жумуш ордун алмаштырып, же башка шаарга кетерден алдын сизди болушунча “пайдаланып” калгысы келет.

3. Сырдуу эркектерден этият болуу керек

Өзү тууралуу такыр айтпайт. Сиз анын кайда иштерин, мурда үйлөнгөн, же үйлөнө элек экенин, ал тургай жашаган жери кайда экенин да билбейсиз. Алар менен жашоо, тагдыр тууралуу сөз козгоп, байкап көрө аласыз.

Эгер сиздин сөздөрүңүзгө ээрип, ага байланыштуу өз оюн ачык ата берсе, коркпой эле койсо болот. Эгер үнсүз угуп, бир кашын көтөрүп койсо, ою “бузуку”... Анын ою бирөө эле – ал төшөк.

4. Сиз үчүн акча короткусу келбейт

Чаташтырып албаңыз, ал сизди түшкү тамакка, кечки мейманканага чакыра берет. Ал үчүн бул табигый көрүнүш.

Мисалы, сиздин  колуңузда бирөөгө алып барып бере турган документ бар. Сиз жигитиңизден сурандыңыз. Ал түрдүү шылтоо таап, бара албасын айтса, анда ал сиз үчүн баарына даяр эмес.  Ал эми сизге өтө сараң болуп көрүнгөн жигит мындайда жардамдашышы мүмкүн.

5. Түндө гана келет

Бул жалпыга эле түшүнүктүү. Жолугушуу үчүн түндө гана келген жигиттин ою бирөө эле – ал төшөк. Аны күндүзгү жолугушууга чакырып сынап көрө аласыз.

Мына, ушуларды байкап көрүңүз. Жолугуп жүргөн, сезимиңиз бар эркектен ушундай белгилерди байкадыңызбы? Эртеңки күнү ыйлап калбаш үчүн, сынап көрүңүз...