Жакшы аял болууга тырыша бербеңиз!

5 сентября 2019 Жакшы аял болууга тырыша бербеңиз!

Ар бир аял бактылуу өмүр сүргүсү келет. Ал үчүн аялга көп нерсенин кереги жок. Мисалы, ал үй тиричилигинен бир аз оолак болуп, сүйүктүү иши менен алектенгиси келет. Күндө үйдө отурса деле, ал дем алууну эңсейт. Ал да өзүн эркелеткенди, мактаганды, аяганды каалайт. Чынында эле өтө карапайыи каалоо. Бирок, буга ар бир аял эле арзый бербейт.

Кандай аялдын каалоосу орундалбайт? Ишенесизби, психологдордун айтымында, көбүнчө “жакшы” аялдардын тилеги орундайбай калат экен. Мисалы, күйөөсү таштап кете турган аялдардын көпчүлүгү “жакшы аялдар”, күйдүргү уул-кыздардын көпчүлүгү “жакшы аялдардын” балдары... Эмнеге?

Аялдын каталары кайсы?

Ал үй-бүлөсүнүн бардык жүгүн жалгыз өзү көтөрөт

Балдардын түйшүгүн жалгыз өзү тартат. Түнү менен кичинекей баланы эмизип чыкканы аз келгенсип, таң атпай мектепке, бакчага барган балдары бири тамак десе, экинчиси кийимим деп айласын кетирет. Анын ортосунда жарым саат жата калайын десе, жолдошу “жата бербей турчу, биз кеткенден кийин деле деле уктайсың” деп ачууланат.

Кеңеш: Эч нерсе кылбаңыз, иштетип үйрөтүңүз! “Эки-үч күндөн бери ооруп, араң жүргөнүмдү байкаган жоксуңарбы? Ооруп жатам” деп катуурак айтыңыз. Күйөөңүздү бир чыны суу алып келчи деп ашканага жумшай салыңыз. Качанга чейин башкаларды ойлоп, өзүңүздү курман кыла бересиз. “Жакшы аял” болом деп неге жеттиңиз. Түн уйкуңузду бөлүп, бала бакканыңызды ким түшүндү? Эки-үч күндөн бери ооруп жүргөнүңүздү бим байкады?

Ушул күнгө чейин ооруганды, чарчаганды билдирбегениңиз үчүн, алар сизди оорубайт, чарчабайт деп ойлошот. Робот эмессиз да. Чарчасаңыз эс алыңыз. Галстук такпай барганы үчүн күйөөңүз жумушка киргизбей койбойт. Эртең мененки тамакты ичпегени үчүн эч ким өлгөн эмес. Бир күн балдардын кийими түтктөлбөй калганы үчүн мкетептен чыгарып салбайт. Ал эми кан басымы төмөндөп кеткени үчүн өлгөндөр көп.

Ойлоп көрүңүзчү: сиз жок болсоңуз, кызыңыз тамак жасай баштайт, күйөөңүз галстук байлап, балдар кийим үтүктөгөндү үйрөнөт. Андай экен, биринчи орунга өзүңүздүн ден соолугуңузду коюңуз.  

Эч кимдин көңүлүн калтыргысы келбеген аял

“Жакшы аял” элдин “баланчанын аялы...”, “түгүнчөнүн энеси...”, “баягынын келини...” деген сөздүн айтылышын каалабайт. Ошондуктан, жолдошунун туугандары менен досторуна жагынууга аракет кылат. Аш-тойлордо уктабай эки-үч күн уктабай жүрө берет. Колу бош курбусу бир жакка барып келели деп чакырса, ошол жакка да кете берет.

Эсиңизде болсун: Элдин сөзү сизди ойлондурбасын. Баарына жагууга мүмкүн эмес. Баарына жага турган акча эмессиз, сиз – адамсыз!

Кеңеш: Убактыңыз жок болсо, каалабасаңыз, жок деп айтуудан коркпоңуз. Бирөөнүн көңүлүн калтырсаңыз, ага сарсанаа болбоңуз. Сиздин деле көңүлүңүздү калтыргандар көп. Балдай таттуу карым-катыш эч жерде жок. Бош убактыңызды өзүңүзгө арнаңыз.