"Үй камагы" деген эмне? Кыргызстандагы бөгөт коюу чараларынын түрү

5 сентября 2019 "Үй камагы" деген эмне? Кыргызстандагы бөгөт коюу чараларынын түрү

"Үй камагы" деген эмне, Кыргызстанда кылмышка шектүү кишилерге кандай бөгөт коюу чаралары колдонулат, шектелгендер кайсы шарттарда камакка алынат? Мыйзамдарды баш көтөрбөй барактай учурдагы ушул урунттуу суроолорго жооп табууга аракет кылдык.

Өткөн аптада эки жылдан бери абакта жаткан мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен Түштүк Кореядагы экс-элчи Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды. Жакында эле Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра кароого жөнөткөн.

Бул үй камагы түшүнүгү жаңырган жалгыз учур эмес. Өткөндө бул бөгөт коюу чарасы ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановго, анын жактоочусу Икрамидин Айткуловго, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага карата да колдонулган.

Тергөө менен кызматташууга макулдугу эске алынып экс-генпрокурор Аида Салянова, мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, КР президенттик аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаев да үй камагына чыгарылган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Кылмыш-жаза кодексин казып окуп, мыйзамдардагы үй камагы жана башка бөгөт коюу чараларын ийне-жибине чейин талдап чыкты.

Бөгөт коюу чарасы деген эмне?

Бөгөт коюу чарасын жаза берүү менен алмаштырууга болбойт. Жаза өкүм чыгарылганда берилет, ал эми бөгөт коюу же баш коргоо чарасы киши кылмышка шектелип же айыпталып жатканда гана пайдаланылат. Бул шектүүнүн жашынып, процесске жолтоо болуп, анан албетте, мыйзамсыз кадамдарга баруусуна бөгөт коюу үчүн жасалат.

Башкача айтканда, юридикалык тил менен жогоруда тизмектелген нерселердин баары "туура эмес жүрүм-турумдар" деп саналат.

Кылмыш-жаза кодексинде мындай алты чара каралган: эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу, жеке кепилдик, аскердик бөлүктүн командачылыгынын байкоо жүргүзүүсүнө өткөрүп берүү, жашы жете элек шектелүүчүнү ата-эне же аларды алмаштырган адамдардын жана уюмдардын көз салуусуна берүү, күрөө алуу, камакка алуу. Акыркы эки чара жоруктар боюнча иштерге колдонулбайт.

Бөгөт коюу чарасы кандай учурларда пайдаланылат?

Бөгөт коюу чараларынын бири кылмыш же/жана жорукту жасоого негиздүү шек жана киши төмөндөгү кадамдарга барышы мүмкүн деп эсептөөгө негиздер жетишерлик болсо колдонулат:

- тергөөдөн же соттон качат;

- объективдүү тергөө жүргүзүүгө же ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылат;

- кылмыш жасоону уланта берет.

Андан тышкары, камакка алуу же кишини чет мамлекетке тапшыруу да бар.

Эч жакка кетпөө боюнча тил кат

Мындай учурда шектелүүчү же айыпталуучу алгачкы тергөөнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн, тергөөчүнүн, соттун уруксатысыз туруктуу же убактылуу жашаган жеринен эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу жазуу жүзүндө милдеттенме алат.

Андан тышкары, сотко чейинки өндүрүш жана соттук териштирүүгө жолтоо болбоого, чакырылганда дал маалында келүүгө тийиш.

Аскер кызматкерлерине аскер бөлүгүнүн жетекчилигинин байкоо салышы

Бул чара шектелген, айыпталган кишинин суракка убагында келип, туура эмес жүрүм-турумдан оолак кармоого багытталган. Эгер баары бир жөнү жок аракеттерге барса, командачылык кечиктирбестен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө, тергөөчү же сотко маалымдоосу зарыл. Албетте, аскер кызматкери эмнеге шектелип/айыпталып жатканы боюнча командачылыкка алдын ала түшүндүрүлөт.

Жашы жете электерди байкоо салууга берүү

Ата-эне же аларды алмаштырган адамдар жашы жете элек баланын тергөөчү, прокурор жана сотко келишин камсыздоону убада кылып, жазуу түрүндө милдеттенме алышат.

Бул чара ата-эненин жазуу жүзүндөгү өтүнүчү менен гана колдонулат. Аларга баланын эмнеге айыпталып жатканы, эгер ата-эне өз милдеттенмелерин көзгө илбесе, кандай жоопко тартылары түшүндүрүлөт.

Күрөө алуу

Шектүү же айыпталуучу тийиштүү мамлекеттик органдын атайын эсебине акча салат. Бул чара — анын жашынып албасына, сотко чейинки өндүрүшкө же соттук териштирүүлөргө жолтоо болбой турганына, кылмышка барбастыгына өзүнчө бир кепилдик болуп саналат.

Күрөөнүн көлөмү сот тарабынан аныкталат. Ал 5000ден эки миллион сомго чейин жетиши ыктымал. Күрөөнүн өлчөмү келтирилген зыян же кылмыштын оордугуна жараша белгиленет.

- жоруктар боюнча иштерде анын көлөмү беш миңден он миң сомго чейин;

- анча оор эмес кылмыш иштери боюнча — он миңден 200 миң сомго чейин;

- оор кылмыш иштери боюнча — 200 миңден бир миллион сомго дейре;

- өзгөчө оор кылмыш иштеринде — бир миллиондон эки миллион сомго чейин алынат.

Эгер шектүү киши же айыпталуучу жүйөлүү себепсиз келбей койсо, соттон же сотко чейинки өндүрүш органынан бекинип алса, тергөөнүн же соттук териштирүүлөрдүн объективдүү жүрүшүнө жолтоо болсо, коюлган күрөө мамлекеттин кирешесине чегерилет.

Эгер сотко чейинки өндүрүштө кылмыш иши токтотулса, ошондой эле бул бөгөт коюу айыпталуучунун туура эмес жүрүм-турумуна байланышпаган башка чарага — камакка алуу менен өзгөртүлсө, күрөө кайтарылып берилет.

Үй камагы

Үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүүсүнө чек коёт. Андан тышкары, белгилүү бир адамдар менен кабар алышуу, кат-кабар алуу жана жөнөтүү, күнү-түнү же күндүн анык бир маалында турак жайынан чыгуу, соттун уруксаты жок административдүү аймактын чегинен тышка кетүү, телефон жана Интернет пайдалануусуна тыюу салынат.

Тергөө соту өз токтомунда үй камагынын шарттарын: анын мөөнөтүн, шектелген кишинин ордун, шектелүүчү же айыпталуучуга тыюу салуулар жана/же чектөөлөрдү белгилейт. Ошондой эле токтомдо коюлган чектөөлөрдүн сакталышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн орган же кызматтык өкүл да көрсөтүлөт. Көзөмөлдөө үчүн ар кыл техникалык-аудиовизуалдык же электрондук каражаттар пайдаланылат. Башкысы, алар мыйзам чегинде колдонулууга тийиш. Эгер адам үй камагынын шарттарын буза турган болсо, анда ал камакка алынат.

Камакка алуу

Мындай бөгөт чарасы андан кыйла жумшагын колдонууга мүмкүн болбогон учурда гана тандалат. Камакка алуу чарасы беш жылдан ашык эркинен ажыратылчу шектүүгө же айыпкерге гана берилет. Бирок эске алчу бир жагдай бар. Жазасы беш жыл болгон кылмышка шектүү же айыпталуучу төмөндө көрсөтүлгөн жагдайлардын бирине туура келсе, камакка алынат:

— Кыргызстанда туруктуу же убактылуу жашаган жери болбосо;

— өздүгү аныкталбаса;

— мурда белгиленген бөгөт коюу чарасынын шарттарын бузса;

— соттон же сотко чейинки өндүрүш органынан жашынса.

Эгер бул бөгөт коюу чарасы шектүү же айыпталуучунун көзү жокто белгиленсе, анын тергөө органына алып келинген убактан тарта эки сутка аралыгында анын камалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко алып баруу зарыл.

Камакка алынган киши жубайы (жолдошу) жана жакындары менен тергөөчү же соттун уруксаты менен гана көрүшө алат.

Бөгөт коюу чарасын колдонууда эмне эске алынат?

Тергөө соту шектенүүнүн негиздүүлүгүн, шектелүүчү же айыпталуучу ким экендигин, курагын, саламаттыгын, үйбүлөлүк абалын, алектенген ишин жана башкаларды эске алат.

Бөгөт коюу чарасы канча ирет колдонулат?

Бөгөт коюу чарасы соттун чечими менен ар жолкусунда эки айга чейин колдонулат, бирок сотко чейинки өндүрүш аяктабаса же аны жокко чыгаруу же өзгөртүүгө негиз болбосо, узартылышы ыктымал.

Тергөө соту айыпталуучуну камактан бошотуп, бөгөт чарасын жокко чыгарып, өзгөртүп же мөөнөтүн узарта алат.

Соттун токтому боюнча прокурор, шектүү же айыпталуучу, анын жактоочусу беш күн ичинде даттана алат.

Бөгөт коюу чарасы бир жылдан ашык мөөнөткө узартылбайт.

Бөгөт коюу чарасы качан жокко чыгарылат же өзгөртүлөт?

Зарылчылыгы болбой калган учурда бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылат, ошондой эле эгер жаңы жагдайлар жаралса, кыйла жеңилирээк же катаал чарага алмаштырылышы мүмкүн. Бул үчүн тергөөчүнүн, прокурордун, судьянын жүйө келтирилген токтому, соттун аныктамасы зарыл.

Камактагы кишинин баш коргоо чарасы абакта кармалууга мүмкүндүк бербей турган оор дарты аныкталса жумшартылат. Оору врачтардын корутундусу менен тастыкталышы шарт экени турулуу иш.

Эгер кишиге карата кылмыш иши токтотулса же тергөө мөөнөтү узартылбаса, анда бөгөт коюу чарасы тезинен жокко чыгарылат.

sputnik.kg