Өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматтан кеттиби? Кайыповдун жообу

5 сентября 2019 Өкмөттүн Нарындагы өкүлү кызматтан кеттиби? Кайыповдун жообу

Буга чейин айрым ЖМКлар жана социалдык тармактагы колдонуучулар Кайыпов иштен кетүү боюнча арыз жазганын айтып чыгышкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жок. Маалыматты өзү тастыктады.

Бүгүн айрым ЖМКлар жана социалдык тармактагы колдонуучулар Кайыпов отставкага кетти деп жазышкан.

"Кызматтан кетүү боюнча арыз жазган жокмун. Ордумда иштеп жатам", - деди Кайыпов.

Өкмөттүн маалымат кызматы дагы губернатор арыз жазбаганын тастыктады.

sputnik.kg