Коңшу Казакстандын окуучулары мончодо окуп жатышат

4 сентября 2019 Коңшу Казакстандын окуучулары мончодо окуп жатышат

Бул имарат үчүн бюджеттен ай сайын 3 миллион теңгеге жакын акча бөлүнөт.

Чымкентте окуучулар мурунку коомдук мончонун имаратында блим алып жатышат. Мектепте башталгыч класстын окуучулары үчүн орун жетишсиз болгондуктан, ушундай чечимге келишкен, деп “Астана” телеканалы кабарлайт.

Быйылкы жылы № 80 лицейдин миңден ашык окуучусуна орус жетпей калган. 1200 орунга эсептелген мектепте  төрт миңден ашык бала билим алат.

Буга чейин мектептен орун жетишпеген балдар 3 жыл бою ижарага алынган жатаканада окуп келишкен. Жатакананы башкага ижарага берип салгандан кийин, лицейдин диркетору мектептин жанынан имарат караштырып, коомдук мончодон башка эч нерсе тапкан эмес. Мончо имарат үчүн бюджеттен ай сайын 3 миллион теңге бөлүнөт.

Ата-энелер буга нараазы. “Бул мончодо ким гана жуунган жок?! Бул жерге кантип окуу корпусун ачышты? Бул жерден балдарыбызды алып кетүүгө аргасызбыз”, - дейт шаар тургуну Рабига Жумабаева.

Ал эми мектеп директору сантардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн адистери текшерип, эч кандай кемчилик таппаганын айтат. “Ар класска даараткана орнотуу талап кылышты. Аны менен катар тазалыкка көңүл бурууга милдеттендирилдик. Ушул кемчиликтердин баарын жуманын аягына чейин жоюп, аларды кайра чакырабыз. Алар бизге ушул жерде сабак өтүүгө болорун айтышты”, - дейт мектеп директору Сауле Калыбекова.   

Билим берүү министрлиги бул маселени дароо чечүүгө болбойт экенин айтат. Ошол эле учурда алар балдарга мектепке келүүгө тыюу сала албасын айтышат.  Бул маселени алдыдагы 5 жылда чечебиз деп койгон.