Эринди болпойтуп көрсөтүүнүн 5 жолу

8 ноября 2018

Болпойгон эриндер аял образына сулуулук тартуулайт, буга байланыштуу көпчүлүк кыз-келиндер эринди чоңойтуунун ыкмасын издеп келишет. Косметикалык процедуралар менен зыяндуу операцияга караганда үй шартында каалаган натыйжага жетүүгө болот. Кантип?

 1. Жумшак тиш щеткасын алыңыз

Эрдиңизге бальзам сүйкөп, жумшак щетка менен укалоо керек. Анын таасиринен териңиздеги кан айлануу жакшырып, эриниңиз азыктанат. Эриниңизге дайыма массаж жасап турсаңыз, дароо таасири байкалары анык. Мындан тышкары, бал менен кантка суу аралаштырып, анын жардамы менен эриндеги өлгөн клеткаларды жок кыла аласыз.

2. Эрин түсү аркылуу чоңойтуу

Төмөнкү  куулукту да жасап көрүңүз:

Ак консилер, макияжга арналган база алып, эриниңге сүйкөп, кичине упа колдонуңуз. Анан чекелери менен ортосун кызыл, кызгылт карандаш менен чийип коюңуз.

Экинчи ыкмасы:  Ички бөлүгүн боебой, ачык кылып калтырыңыз, эриндин айланасын гана боёп чоңойтуп көрсөтүүгө болот.

3. Күрөң карандаш жардамы менен чоңойтуу

Эриндин айланасынан 2-3 мм жогорураак чийиңиз. Эгер ортосуна жалтырак боёк сүйкөп койсоңуз, эрдиңиз болпойуп көрүнүп калат.

4. Ак түс бериңиз

Хайлайтердин же ак помаданын жардамы менен эриндин жогорку жана астыңкы бөлүгүн боёп, болбойтуп көрсөтсөңүз болот. (Сүрөттө көрсөтүлгөн)

5. Табигый кошулмалар

Эринди чоңойтуу үчүн табигый кошулмалардан косметикалык каражат иштеп чыгыңыз.

Гвоздика майы эринди чоңойтууга жардам берет. Бирок, майды помада же бальзам менен аралаштырыңыз, бирок майды көп кошууга болбойт.

Мындан тышкары, корица менен вазелин сүйкөп, 5 мүнөттөн кийин кагаз менен аарчып салуу керек.