ИИМ башчысы Бишкектеги ур-тепки тууралуу: шектүүнүн агасы милицияда иштеген

4 сентября 2019 ИИМ башчысы Бишкектеги ур-тепки тууралуу: шектүүнүн агасы милицияда иштеген

Министр учурда шектүүлөрдүн аты-жөнү такталганын айтып, кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкектеги Жал кичирайонундагы супермаркеттин алдында кишилерди мыкаачылык менен сабаган кылмышкерлердин биринин агасы милицияда иштей турганын Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Депутат Мирлан Жээнчороев Бишкекте балдарды зөөкүрлүк менен сабагандарды милиция кызматкерлери кийлигишип, бошотуп жибергенге тийиштиги бар деп ЖМКлар жазып жатканын айтты.

"Милиция кызматкерлеринин кылмышка аралашкан балдарды бошотууга тийиштиги бар деп жатышат. Ошону жеке көзөмөлгө алып, бетин ачып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранам", — деди Жээнчороев.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев аталган мушташ боюнча маалыматы бар экенин, шектүүлөрдүн ким экени аныкталганын айтты.

"Бул иш менин көзөмөлүмдө. Алар кимдер экени аныкталып, издөө иштери жүрүп жатат. Биздин кызматкерлер кийлигишкени боюнча айткан маалыматыңыз туура. Эки кылмышкердин биринин агасы милицияда иштеген экен. Ал боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бүтүп калса сизге тагыраак жооп берем", — деди министр.

Буга чейин кабарлангандай, Чүй облустук ИИББдин кызматкери Бишкекте кишилерди чала жан кылып сабагандарды кылмыш болгон жерден алып кеткени кабарланган.

Ленин райондук прокуратурасы 28-августта саат 7:00дөр чамасында Жал кичирайонундагу супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы боюнча билдирүү түшкөнүн маалымдады.

Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

"Андан сырткары, окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин Б.К. аттуу кызматкери да келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К. аттуу жарандарды кылмыш болгон жерден алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренелери ("Кылмышты жашыруу") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда мушташтын видеосу да тарады.

1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович издөөгө алынды.

sputnik.kg