Абылгазиев Бишкекте аёосуз сабалган жигиттер боюнча үн катты

4 сентября 2019 Абылгазиев Бишкекте аёосуз сабалган жигиттер боюнча үн катты

Өкмөт башчы окуяга кайдигер караган милиционерге укук коргоо органдарында орун жок экенин белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкекте эки жарандын сабалышы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга жогорку деңгээлде медициналык жардам көрсөтүү жана зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берген.

"Эки жигитти ур-токмокко алып ырайымсыздыгы менен таң калтырган окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдигерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү абзел. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок" — деди Абылгазиев.

Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.

Эске салсак, интернетке Бишкекте эркек киши катуу сабалып жаткан видео тараган. Анда көрүнүп тургандай, бир нече эркектин ортосунда чыр чыгып кетет. Алардын бири катуу сокку алып эсин жоготот.

Экинчиси каршылык көрсөтүүгө аракет кылат, бирок эки эркек аны ур-тепкиге алат. Шектүүлөрдүн ким экени аныкталып, учурда аларды милиция издеп жатат.

Прокуратура окуя болгон жерге барган Б.К. аттуу милиционер кишилерди чала жан кылып сабаган кылмышкерлерди алып кетип из жашырышына шарт түзгөнүн билдирди. Ага карата кылмыш иши козголду.

Ал эми токмок жеген кишилер оор абалда ооруканада жатат.

sputnik.kg