Жыныстык катнашты каалабаган аялды үч СМС менен ээритүүгө болот

3 сентября 2019 Жыныстык катнашты каалабаган аялды үч СМС менен ээритүүгө болот

Ушундай жакшы сөздөрдү жаза билген эркектерди бир да аял тоготпой койбойт.

“Башым ооруп турат” деп шылтоологон аялдар эркектердин каалоосун орундата койбойт. Анткен менен, сүйүктүү жары менен кошулгусу келген эркектер мындай “эркеликти” көтөрө алба кетет. Аял менен эркектин ортосундагы уруш да мына ушундан чыгат. Ал кадимки турмуштагы материалдык кемчиликке уланып, аркасы доого да айланып кетет.

Төшөк кумарын ишке ашыруу – бир эле аялдын эркинде эмес, эркектер да аракет кылыш керек. Аял бала багууга, үй-бүлөсүн күтүүгө, тууган-урук менен байланышты түзүүгө, өз кесиби менен иштеп, акча табууга, керек кезде күйөөсүн дагы эркелетүүгө даяр. Бирок, аларга да дем берип туруу керек. Башкадан эмес, күйөөсүнөн ошол жылуу мамилени күтөт.

Эркектер эмне кылышы керек? Төмөндөгү үч кеңеш эле жетиштүү.

Курсактан кутулуңуз

Аялга жага турган курсак бар, жакпай турганы да бар. Деген менен бел кайсы да, бел боо байлай турган жери кайсы дедирген курсактар баарына эле жага бербейт. Анын үстүнө чоң курсак токоолдук да жаратат. Өзгөчө, уктоочу бөлмөдө. Ден соолукка да зыян, “көтөрүп” жүрүү да оңой эмес.

Ал эми аялдардын көпчүлүгү сымбаттуу, керилген, булчуң эттери тыртылдап көйнөгүнүн ичинен байкалып турган, жоон билектүү жигиттерге суктанышат. Башка бирөөгө эмес, өзүңүзгө көз арттырыңыз. Кыскасы, спорт менен дос болуңуз.

Акча таба билген эркектер аялдарды сүйдүрө алат

Кызматыңыз бар, жаоо шартыңыз өзүңүздү канааттандырат. Бирок, аялдарды табышкер эркектер “тартып” турат. Ишенбесеңиз, аялыңызга эки түрдүү досуңуздун “экинчи аял алуу ниети” бар экенин жалгандан айтып көрүңүз.

Бай досуңуз тууралуу “албетте, токолду ал албаганда, ким алат? Тапканы жетиштүү, дагы бир аял аял алса, жарашат”, турмуш-шарты начар досуңуз жөнүндө “ал башканы коюп, бир эле аялын багып алсынчы” деп айтат. Мындан улам жыйынтык чыгарсаңыз болот.

Иштеп жаткан ишиңизден башка дагы бир киреше булагыңыз болушу керек. Анын кем дегенде эки пайдасы бар. Бири – үй-бүлөнүн бюджети, келечек үчүн камылга болот. Экинчиси – аялыңыздын алдында барктуу болосуз. Алкымынан жыттамак болгон ниетиңизди эч качан четке какпайт.

Аялыңызды ээрите турган үч СМС

Смартфонсуз жашоо токтоп кала турган заманда жашап жатабыз. Аны пайдалана билиңиз. Аялыңыз “көңүлүм чаппай турат, башым ооруп жатат” деген сөздөрдү көп айта баштадыбы? Кечкисин жумуштан кайтып келе жатканда биринин артынан бирин кезектетип үч СМС жазыңыз.

“Сенин колуңдан чай ичким келип жатат” – деген биринчи билдирүү аялыңыздын жинине тийип, кыжырын келтириши мүмкүн. Деген менен, мактаныч пайда болот.

Үйгө жакын калганда тагы бир “Экөөбүз гана чай ичели, балдарды ойногону жиберип коёсуңбу? Кандай таттуу жейсиң?” деп СМС жибересиз.

Ошол учурда аял күзгүгө милдеттүү түрдө каранып алат. Чай коюлду деп эсептей бериңиз.

Үчүнчү смс-ти жөнөтүүгө шашылбаңыз. Үйгө киргенди чайды тердеп-тепшип ичип, чай үстүндө жагымдуу аңгемелешиңиздер. Проблемалар тууралуу сөз кылбаңыз. Кечки тамак үстүндө дагы балдарга жылуу сүйлөп, тамаша сөдөрдү айтсаңыз, үйдөгү атмосфера жылый түшөт. Эркектин кабагы ачылган сайын аялдын да маанайы көтөрүлөт.

Андан кийин үчүнчү смстин убактысы келет. Уктоочу бөлмөгө киресиз да, “кепикпей келе көр, жаным...” деп комплемент кошо жазасыз. Бүттү!

Ашканада жүргөн аял балдарды эрте жаткырып, күйгүгө каранып, сизге жакка духисин себинип келип калат. Башында “койчу, ай” деши мүмкүн, бирок алкымынан жаттасаңыз, мойнуңузга оролууга даяр болуп келет.

Айтмакчы, түштөнүү учурунда жумушта отурган аялыңызга смс аркылуу ошол күнкү түн “өрт болушу мүмкүн” экенинен кабар берип коюуңуз. “Өткөн түн эсемден кетпей жатат...” деген кыска билдирүү аялдын эсин алып, үйгө жеткенче шаштырат. Аны үчүн, албетте, түндү алоолонтуп өткөрүү керек.