Өзүңүздөн сураңыз: Сиздин жашооңузду өзгөртүүчү 16 суроо

8 ноября 2018 Өзүңүздөн сураңыз: Сиздин жашооңузду өзгөртүүчү 16 суроо

Жашооңузду жакшыртууну кааласаңыз өзүңүз өзүңүзгө берген суроолорго жооп бериңиз. Биздин жашоодо суроолордун жообу маанилүү роль ойнойт. Мектептеги, жогорку окуу жайлардагы экзамендер буга мисал боло алат. Ошентсе да, адамдын жеке жашоосунда өзүнө берген суроолору көп нерсени өзгөртө алат. Аны адистердин өздөрү ырасташты.

“Адамдын жообуна карабай, берген суроосуна карап баа бер”, - дейт Вольтер.

Өзүңүзгө дайыма суроо берип жүрүүнү адатка айландырыңыз. Төмөндөгү 16 суроону өзүңүзгө берип, жашооңузга кандай өзгөрүү киргенин байкаңыз.

Ыңгайлуу болуу үчүн суроолордун тизмегин сактап алыңыз. Анан айына бир жолу ушул суроолорду кайталап өзүңүзгө бериңиз.

Жашоо шайкештиги

Бул топтогу суроолорго “ооба” же “жок” деп жооп берүү жетиштүү

  • Мен бактылуумунбу?
  • Жашоомо ыраазымынбы?
  • Кызматым жагабы?
  • Мен өзүмдү жакшы сезип жатамбы?
  • Мен өзүмдү өстүрүүгө жеткиликтүү убакыт бөлүп жатамбы?

Сиз өзүңүздү жакшы сезбесеңиз, кызматыңызды жактырбасаңыз же жашооңузга ыраазы эмес болсоңуз толук кандуу бактылуумун деген туура эмес. Эгер жок эле дегенде бир суроого “жок” деп жооп берсеңиз, ошол маселе менен күрөшүүгө туура келет.

Жумуш

Адам бир күндө орточо эсеп менен 16 саат ойгоо жүрөт. Анын 8 сааты жумушка кетет. Ошондуктан, маянаңыз канааттандырбаса, иш ордуңуз жайлуу болбосо абалыңыз кыйын.

  • Мен жаңы нерселерди үйрөнүп жатамбы?
  • Менин мансабым, абалым жогорулап жатабы?
  • Менин жумушум канчалык маанилүү?
  • Өз компетенттүүлүгүмдү кантип кеңейте аламын?
  • Мен бир гана жакшы нерселерди жасап жатамбы?

Кирешелүүлүк

Бул суроолор сиздин ишке келгенде кандай экениңизди көрсөтөт.

  • Менин жашоомдо биринчи орунда эмне турат?
  • Максат орундалуу үчүн эмне кылуу керек?
  • Мен кандай тапшырмаларды аткарууну токтотушум керек?
  • Кандай милдеттерди, иштерди жасабай жатам?
  • Кандай суроолорду өзүмө бербей жатам?

Бирөөгө жардам берүүдөн бир нерсе кемип калат деген ойдон арылыңыз. Ошондо гана жашооңуздун мааниси толук кандуу болоруна ишениңиз.

  • Мен бүгүн жок дегенде бир адамга жардам бере алдымбы?

Суроолордун баары жөнөкөй болгону менен, бактылуу жашоо кечирүүнүн кепили боло алат.