Текебаев өлкө аймагында 4 күн ээн-эркин жүрө алат. Себеби

3 сентября 2019 Текебаев өлкө аймагында 4 күн ээн-эркин жүрө алат. Себеби

Саясатчыга мындай укук 5-сентябрга чейин берилди.

Биринчи Май райондук соту экс-депутат Өмүрбек Текебаевге Кыргызстандын ичинде бир нече күн бою ээн-эркин жүрүүгө уруксат берди.

Аталган соттон Sputnik агенттигинин кабарчысына саясатчыга мындай эркиндик төрт күнгө, тагыраагы, 5-сентябрга чейин берилгенин тастыкташты.

"Ал сотко билдиргенине караганда, карып калган апасы ооруп жатыптыр. Бишкекке келе албайт экен. Акыркы жылдары абакта жаткандыктан, апасы узак убакыт бою көргөн эмес. Сот ага энесине жолугуп келүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек деп чечти", — деп түшүндүрүштү.

Эске салсак, экс-депутат менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын 29-августта өзгөртүп, үй камагына чыгарышкан.

sputnik.kg