Куранды орусчага которгон Валерия Прохова каза болду

3 сентября 2019 Куранды орусчага которгон Валерия Прохова каза болду

Аны менен коштошуу зыйнаты шаршемби күнү Москвада өтөт.

Ыйык Курандын маанисин орусчага которгон диний ишмер валерия-Имам Прохова каза болду. Бул тууралуу Россиянын муфтийлер кеңешинин сайтында маалымдалат.

Россиянын муфтийи Шейх Равиль Гайнутдин Прохованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Ал быйыл 79 жашка чыкмак.

Муфтийлер кеңеши Прохова котормочу-синхронист эмес, Курандын маанисин которгон жалгыз котормочу экенин белгилешти.

Валерия Прохованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Москвада 4-сентябрда өтөт.

sputnik.kg