Быйылтрансгендерлер биринчи жолу ажылыкка барышат

8 ноября 2018

Пакистандын эркектрансгендерлери быйыл биринчи жолу ажылык сапарга аттанышат.

Синд Атифа провинциясынын комиссары Амина Хусейндин айтымында, трансгенлерлер ыктыярчы топ катары зыярат кылууга жөнөшөт. Алар трансгендерлердин укугу баары менен бирдей деген уюмдун атынан катышат. Аларды тандап алууда атайын тест менен физикалык даярдыктан өткөрүшөт.

“Бул иш-чара коомдогу трансгендерлерге деген сын көз карашты өзгөртүүгө багытталган. Мындан тышкары, трансгендерлердин өзүнө болгон ишенимин калыпташтырууга жардам берет”, -дейткомиссар.

Пакистан 2009-жылы үчүнчү жынысты кабыл алган дүйнөдөгү биринчи мамлекет. Өлкөдө азыр жарым миллионго жакын трансгендер бар. Өлкө аларды расмий түрдө кабыл алганы менен, ушул күнгө чейин башкалар тарабынан басмырлоого кабылып келет.

Ажылык – Исламдагы бешинчи парз. Ал беш күнгө созулат. Ушул убакыт аралыганда Каабаны 7 жолу айланып үлгүрүү керек. Ажылыктын өзүнчө эрежеси бар. Аны бузган адамдын зыяраты кабыл болбойт. Ажылыгын өтөп келген адам ажы болот.