59 кг төшү менен таанымал болгон аял “өзгөчө” бизнес менен байып кетти

8 ноября 2018 59 кг төшү менен таанымал болгон аял “өзгөчө” бизнес менен байып кетти

Энни Хокинс аттуу америкалык аялдын көкүрөгү гиннестин китебине кирген. Анын көкүрөгүнүн салмагы – 59 килограммды түзөт. Эч кандай операция жасалган эмес. Эннинин көкүрөгүнүн рекордун ушул күнгө чейин эч бир сулуу басып өтө алган эмес деп segodnya.ua сайты кабарлайт.

59 жаштагы америкалык жаран 1999-жылы эле рекорддун китебин багындырган. Анын төшү дагы деле өсүүсүн токтоткон эмес. Эннинин айтымында, анын көкүрөгү беш жашынан баштап өсө баштаган.

“Курбуларым эми бойго жете баштаганда, менин көкүрөгүм алда канча чоң эле. Абдан уялчумун. Жигиттер да бир гана көкүрөгүмө кызыгышчу. Бирок, 1991-жылы өзүмдөн 20 жаш улуу адамды жолуктуруп, бактымды таптым жана менин көкүрөгүм менен байланышкан бизнесимди баштоого кеңеш берген да – жолдошум Аллен эле”, - дейт Энни Хокинс.

Ал эмчегин сүрөткө тартып, түрдүү басылмаларга жибере баштаган. Ушундан кийин анын таанымалдыгы кескин артып, эркектерге арналган сайт ачкан. Үч айдан кийин сайтка миллиондон ашык адам катталып, ал бир жылда 65 000 доллар пайда тапкан.

Белгилей кетсек, дарыгерлер Энниге көкүрөгүн кичирейтүүгө кеңеш бергени менен, ал табиятка каршы чыккысы келген эмес. Анын күйөөсү 2003-жылы каза болгон. Көкүрөктүү аял өз бизнесин азыркы күнгө чейин улантып келет.