Аялы менен бир төшөктө жатпаган эркек тез картаят

2 сентября 2019 Аялы менен бир төшөктө жатпаган эркек тез картаят

Айтмакчы, кыздар, никелүү аял менен эркек бөлөк жатса болбойт экен... Экинчи балам туулагандан баштап күйөөм экөөбүз өзүнчө жатып көнүп калганбыз. Азыр балдарымдын алды студент. Азыр да ошол, ал төркү, мен жанындагы бөлмөдө уктайбыз. Кез-кезде гана “бир иш” менен чогуу болобуз.  

Жакында үйгө кайын атамдын карындашы келди. Жашы сексенден ашса да сымбаттуу кемпир. Үйдө бир апта болду. Анын билбегени жок. Ошол апабыз биздин бөлөк жатат экенибизди байкап калыптыр. Кайтар күнү мени зекип, урушту. “Эй, келин, аял менен күйөө бөлөк жатса, белден эрте калып, тез картая турганын билбейт белең? Ал анда, сен мында... мунуңар эмне?” – деген анын сөзүн бөлө – “Ой, апа! Биздин бөлөк жатканыбызга 15 жылдан ашты да...” – дедим эле, кемпирдин эриндери андан бетер тырышып калды.

“Азыр белиң ооруйбу?” деп сурады.

Эми отурган жерден “ой, ий... белим” дебей турбайбыз да, аны моюнга алдым.

“Не дейин эми?! Эркеги бөлөк жаткан аялдын белинде күч-кубат жок болот, ооруй берет. Күйөөңдүн да ден соолугу эрте начарлай баштайт. Илгертен үй-бүлө курган жаштарга “бир жаздыкта картайгыла!” деп бекер тилек айтышкан эмес. Ошол жаздыка биринин кызыгын экинчиси көрүп жашасын деген кеп. Бир төшөктө жаткан жубайлар бири-биринен кубаталат, чарчабайт, оорудан оолак болот. Анткени, денеге дене тийгенде кумары ойгонуп, каалоосу күч алат. Ошон үчүн бөлөк жаткан эркек элүүгө жетпей эч нерсеге жарабай калат...” деп апабыз баарын айтып салды. Уялып кеттим.

Андан кийин өзү өмүр бою чалы менен бөлөк жатпаганын, ошол себептен сымбатынан жазбаганын айтып мактанды. Чынында туура айтты...

Шариат боюнча да аялы менен күйөөсү бөлөк жатууга болбойт. Анткени:

- бир жатпагандардын организминде стресс гормонунун өлчөмү төмөндөп, көбүнчө аял өзүн коопсуз сезет.

- бирге жаткан жубайлар эи бөлөк жаткандарга караганда бир топ аз урушушат;

- күйөөсү менен жаткан аял жалгыз жаткан аялдарга караганда тез уктайт;

- бирге уктаган жубайларда махабат гормуну деп аталган окситоцид көп болот. Ал эрте менен сергек ойгонууга таасир этет.

- эң кызыгы бир төшөктө жаткан жубайларда “күтүлбөгөн убакта” төшөк оюндары башталып кетет. Төшөк оюндарынын көп болушу ден соолукка пайда.

- бир төшөктү бөлүшкөндөрдүн иммунитети да мыкты болот.