Окуучуларга дааратканага барууга тыюу салган мугалим жумушунан куулду

8 ноября 2018

Москвадагы №1795 мектептин мугалими ата-энелеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу жок сабакта дааратканага чыгууга тыюу салуу жөнүндөгү маалымат окуучулардын ата-энелерине жеткенден кийин, кызматынан бошотулду. Мекеменин директору Валентина Сетееванын айтымында, аталган класска жаңы класс жетекчи дайындалганын белгиледи.

Ал: “Бул класстагы окуучулардын ата-энелери жаңы класс жетекчинин дайындалганына ыраазы болушту”, - деп белгиледи.

Сулуу болуунун жеңил жолдору

Жылдар эмес, кылымдар бою аялзаты сулуулук үчүн чоң каражатты курмандыкка чалып келишкен. Бул убакыт ичинде сулуу болуунун арзан, ары жеңил жолдору да белгилүү болду. Тактап айтсак:

1. Бетиңизге бырыш түшсө, бал сүйкөңүз

2. Уктар алдында көзүңүздүн айланасына кастор майын сүйкөп жатыңыз

3. Кирпик менен кашка кастор майын сүйкөөнү да унутпаңыз

4. Бетти тазартуу үчүн жумуртканын сарысы менен лимон ширесин колдонуңуз. Экөөн аралаштырып, бетиңизге сүйкөңүз

5. Бетиңизди жууп жатканда майдаланган сулу талканын колдонуңуз

6. Бетиңизге безетки чыкса, майдаланган алма менен бал маскасын жасаңыз

7. Бетиңиз абдан кургак болсо, майонезден маска жасаңыз

8. Бетиңизде тактар пайда болуп, шишип кетсе, бадыраңды майдалагыч аркылуу майдалап,бетиңизге сүйкөп, 15 мүнөттөн кийин тазалап жууп салыңыз.

9. Чачты жылтыратуу үчүн уксус суусу менен чайкаңыз.

10. Эртең менен жуунуп жатканда контрасттуу душ кабыл алыңыз: биринчи кезекте салкын суу, анан дароо жылуу суу. Бул денеңизди сергитип, кан айланууну калыбына келтирет.