Аялдарды тозок оту менен коркуткан имам кызматынан кетти

8 ноября 2018

Түрк өлкөсүнүн Дин иштер башкармалыгында иштеген Ихсан Шеноджак аттуу аалым өзүнүн аялдарга катыштуу катуу диний үгүттөрүнөн кийин кызматтан алынды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Ихсан Шеноджак буга чейин да бир нече жолу аялдар коомуна катыштуу оор өкүмдөрдү чыгарып, бир нерсе десе тозокто боло тургандыктарын эркертип келген.

Буга чейин ал каш терген жана жогорку окуу жайларда окуган кыз-келиндердин тозок отунда өрттөнөрүн айтып, коңгуроо каккан эле. Бирок, акыркы үгүтүндө “шым кийген аялдын тозокко баруусуна толук негиз бар” деген Ихсан Шеноджак бир гана аялдар коомуна эмес, бүткүл түрк коомчулугунун нааразычылыгына туш болду.

Буга байланыштуу, Түркиянын Дин иштер башкармалыганда ички төргөө иштери жүргүзүлүп, кыз-келиндерди тозок оту менен коркутууга аракет кылган аалым кызматынан кетти.