Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты

30 августа 2019 Өч албайм! Өмүрбек Текебаев мындан аркы кадамдарын айтты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарды.

Өмүрбек Текебаев мындан ары сот процесстерине даярдана турганын, негизги көңүлдү ошого арнай турганын айтты.

Бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган болчу.

"Сот мени актаган жок. Иш кайра каралууга жөнөтүлдү. Кийинки аракетибиз сот процессине бурулат. Соттун биринчи жыйыны 12-сентябрга белгиленди. Адвокаттар менен ошого даярданабыз. Атамбаев кызматтан кеткенден кийин жаңы күбөлөр чыга баштады. Жаңы күбөлөр менен сот процессине даярдык көрөбүз", — деди ал.

Текебаев мурдагы бийликтин чектен чыккан аракеттерин далилдөөгө аракет кыла турганын кошумчалап, мурдагылардан өч алуу болбой турганын, алар мыйзам, сот алдында жооп бериши керектигин белгиледи.

Ошондой эле Текебаев ага карата буга чейин жасалган аракеттерди адам катары кечиргенин айтты. Бирок кылмыш ишин жасалмалоого буйрук бергендер жазаланышы керектигин, буйрукту аткаргандардын да аракети каралышы керек деди.