Текебаев Жээнбеков менен Атамбаевдин айланасындагы окуяларга баа берди

30 августа 2019 Текебаев Жээнбеков менен Атамбаевдин айланасындагы окуяларга баа берди

Текебаев "Ата Мекен" партиясынын штабында журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Өмүрбек Текебаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жеке мамилеси тууралуу оюн айтты.

Бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган болчу.

Текебаев "Ата Мекен" партиясынын штабында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

"Көп адамдар ал экөөнүн ортосундагы чырды жеке адамдардын конфликтиси, бийлик талаш конфликтиси деп айтып жатышат. Кандайдыр бир мааниде ошондой болушу мүмкүн. Чындыгында бул конфликт мурунку бийликтин жүзүн ачып жатат жана кийинки жаңы келе турчу бийликке кандай иштерди жасаса болбой тургандыгын көрсөтүүдө. Кыргызстан өз элине эле эмес, коңшу мамлекеттерге да үлгү көрсөткөн прецедент түзүп жатат. "Президенттер эртеби-кечпи түшөт, эгер алар мыйзам бузган болсо жооп берет" деген түшүнүктү бүтүндөй Орто Азияга жайылтабыз. Бүгүнкү болуп жаткан саясий окуялардын тарыхый мааниси ушунда", — деди ал.

Текебаев ошондой эле муну эки кишинин жеке мамилеси катары кыска рамкада эмес, тарыхый кенен алкакта карашы керектигин белгиледи.

sputnik.kg