Үч жолку чемпион, ата-энеси — мигрант. Курсан Асановдун жан сакчысы тууралуу

30 августа 2019 Үч жолку чемпион, ата-энеси — мигрант. Курсан Асановдун жан сакчысы тууралуу

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу камакка алынды. Ал мурдагы президентти кармоо учурунда үйдөн тергөөгө далил болчу документтерди Асанов менен кошо алып чыгып, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына жеткирген деп айыпталууда.

Дамирбек Пайзылда уулу 1997-жылы 22-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Правда айылында туулган.

Билими

2003-2012 — Правда айылындагы №89 Бүсара Абдрахманова атындагы орто мектебинде 9-классты аяктаган;

2012-2015 — Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетин бүткөн;

2016-жылы — Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырган;

2016- 2017 — Ош облусунун Алай районунда аскер кызматын өтөгөн.

Иш тажрыйбасы

2018 — Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүгүнө (спецназ) жумушка орношкон;

2019-жылдын март айынан тарта ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айдоочусу жана жан сакчысы катары иштеп келген.

Спорттогу ийгиликтери:

2013 — Бокс боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону;

2013 — Россиянын Новосибирск шаарында өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү;

2014 — Тажикстанда өткөн эл аралык мелдештин күмүш медалынын ээси;

2014 — Бокс боюнча Кыргызстандын жаштар арасындагы чемпиону;

2015 — Кикбокс боюнча Кыргызстандын чоңдор арасындагы чемпиону;

2018 — Ички иштер министрлигинин деңгээлинде уюштурулган самбо, күжүрмөн самбо, аралаш мушташ боюнча мелдештердин жеңүүчүсү;

2019-жылдын октябрь айында Түркиянын Анталья шаарында өтчү кикбокс боюнча дүйнө чемпионатына даярданып жаткан.

Бойдок. Төрт бир туугандын экинчиси, ата-энеси Россиянын Москва шаарында эмгектенет.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190829/1045565286/kursan-asanovdun-zhansakchysy-sport.html