Тырыктан кантип арылууга болот?

8 ноября 2018 Тырыктан кантип арылууга болот?

Ар кандай жаракат алгандан кийин териде калган ордунан, башкача айтканда тырыктан арылуунун жолу барбы? Тилекке каршы, жашоодо терс, кайгылуу окуяларга туш болуп, терисине “белги” салынган адамдар жок эмес. Демек, алар үчүн бул суроонун жообу абдан маанилүү. Эмесе, жыгылып-мүдүрүлгөндөн, кулап, күйүктөн же операциядан кийин калган изден арылуунун жолун издештирели.

Лимон ширеси

Лимон ширесин күндө сүйкөп туруу керек. Бул дарылоону натыйжа чыкканча улантыңыз. С витаминине бай лимон ширеси дөмпөйүп турган терини жумшартып, калыбына келтирет жана кызарууну (кээ бир көгөрүүнү) басат.

Алоэ вера

Бул өсүмдүк теринин калыбына келүүсүн камсыз кылат. Алоэ вера ширесинде С жана Е витаминдеринин өлчөмү көп. Алар терини жакшыртып, дарылоочу антиоксиданттар экени белгилүү.

Аспирин

2 таблетканы талкалап, килкилдек болуш үчүн 1 тамчы суу тамгызыңыз. Аны тырыкка сүйкөп, кургап калганда суу менен жууп салыңыз. Бул дарылоону күндө кайталап туруңуз.

Бал

Бал терини керектүү витаминдер, минералдар жана антиоксиданттар менен камсыз кылат. Тырык болуп, катуу терини жумшартып, терини табигый түсүн кайтарат. Ошондой эле, теринин жаңы клеткаларынын пайда болушуна таасир этет.

Алма уксусу

Мунун да катуу терини жумшартып, түсүнүн кайра калыбына келишине таасири бар. Ошондуктан, күнүнө бир нече жолу уксус менен тырыкты сүртүп туруу пайдалуу.

Сарымсак майы

Муну менен да тырыкты дарылоого болот. Эгер сарымсак майы жок болсо, сарымсактын өзүн эзип алып, тырыкка басуу керек.

Дүйнөдөгү өзгөчө жаралган адамдар

Бизди курчаган дүйнө керемет, антсе да дүйнөнүн ар бир бөлүгүндөөзгөчөжаралган укмуштуу адамдардын кездешери чындык. Бүгүн биз ошондой бир нече адам менен окурмандарды тааныштырууну туура көрдүк.

Бою узун колукту

Биринчи каарманыбыз Элизани да Крус Сильва Бразилияда төрөлгөн. Азыр анын жашы 19да болгону менен, боюнун узундугу бүткүл бразилиялыктарды таң калтырууда. Мындан аз убакыт мурда өлкөдө бою узун кыздар сынагында Элизани да Крус Сильва  2 метр 3 сантиметр бою менен “Бразилиянын эң узун кызы” наамын жеңип алган.Бирок, үй-бүлө курууну эрте ойлогон ал, өзү сыяктуу бойлуу жигитти жолуктура албаган. Ошондо Элизани өткөн жылы Франсинальдо да Сильву Карвальо аттуу жаш жигит менен таанышып, ага турмушка чыгууну чечет. Күйөө баланын боюнун узундугу болгону – 1 метр 62 сантиметр.

Мүмкүнчүлүгү чектелбеген чемпион

Америкалык 27 жаштагы Джени аттуу кыз тубаса майып. Ал жарык дүйнөгө буту жок келген. Анын айынан анын ата-энеси бейкүнөө кыздан бала кезинде баш тартып, аны балдар үйүнө өткөрүп беришкен. Жашоодо кайрымдуу адамдар дагы кездешет эмеспи?Ошондо балдар үйүндө өсүп жаткан сүйкүмдүү кызды Брикерлердин үй-бүлөсү асырап алат. Алар кызына бакма катары мамиле кылбай, тескерисинче анын эч нерседен кем кылбай ар ийгиликтерине колдон келген жардамын беришет.Кыз эки жакты таанып-билип калганда “гимнастика менен алектенем” деп кыялдананат. Муну эске алган Дженинин ата-энеси аны 16 жашында спорт мектебине беришип, гимнастика менен алектенүүсүнө шарт түзүшкөн. Мүмкүнчүлүгү чектелүү Джени бүгүнкү күндө өзү жашап жаткан штаттын бир нече жолку чемпиону!

Алп манжалуу бала

Чыгыш Индияда жашап жаткан сегиз жаштагы Калим туулганда эле өзгөчө жаралган бала. Анын башкалардан өзгөчөлүгү – ар бир манжасынын салмагы 8 кило, ал эми узундугу – 33 сантиметр. Мунун айынан ал күнүмдүк жашоодо керектүү нерселерди өз алдынча жасай албайт. Ата-энеси Калимди даргерлерге көрсөтүп, дарылаткысы келет. Бирок, алардын колун жокчулук байлап турат. Тагыраак айтсак, анын ата-энеси күнүмдүк  иштеп тапкан акчанын көлөмү – 22 доллар гана. Дарыгерлер баланын манжасында ашыкча шишик бар деген болжол айтышууда. Кандай болгон күндө да, азыр жергиликтүү дарыгерлер Калимдин ден соолугун кантип калыбына келтирүү жактарын ойлонуштуруп жатышат.

45 килограммдык баш кийим

“Дүйнө кызыктарга бай” – дегендей Индиянын Пенджаб штатындагы Патияла шаарынын жашоочусу Автар Сингх башына индиянын улуттук баш кийими – салмагы 45 килограммдык “пагди” деп аталган тюрбанды, башкача айтканда баш кийимди кийгенди жактырат. Өзгөчөлүгү ошол баш кийимдин салмагы 45 кило, аны тигүү үчүн узундугу 645 метр кездеме жумшалган жана ороо үчүн алты саат убакыт кетет.

Салмагы 130 килограммга жеткен кыз

Салмагы бир төөнүн жүгүнө тете, ал эми бою эки метр америкалык модель Аманда Суле өзүнүн ушундай өзгөчөлүктөрүн эркин пайдаланып, бир топ каражат таап келе жатат. Ал бойлуулугунун аркасында кыска бойлуу жашоочулардын көрсөтмөлөрүн аткарып, өлкө ичинде өзгөчө суранычка ээ болууда.Аманда керек болгон учурда кээ бир адамдарды аркасына көтөрүп алып, айткан жерине жеткирип коёт. Бир сөз менен айтканда, америкалык модель Аманда Сулени узун бою менен оор салмагы багып жүрөт.

Скейтборд-бала

Алты жаштагы бангалордук бала бүгүнкү күндө көпчүлүктү таң калтырып, Гиннесстин рекордтор китебине кирди. Ал скейтборддожөргөмүш сымал жүрөт. Алты жаштагы Гаган Сатиш 2014-жылы июль айында 70 метрлик аралыкта жүрүп бара жаткан 39 автоунаанын арасынан бар болгону 29 секундда мүдүрүлбөй жүрүп өтүп, мурда болуп көрбөгөндөй рекорд жасаган.Гагандын мындай кереметин көргөн анын достору спорт менен машыгууну чечишкен. Азыркы күндө бангалордук бала 100 дөн ашкан машина аркылуу чоң ылдамдык менен жүрүп өтүүгө даярданып жатат.