Текебаев менен Чотонов сотко алынып келди

29 августа 2019 Текебаев менен Чотонов сотко алынып келди

Буга чейин Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген болчу.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов алынып келди. Анда алардын баш коргоо чарасы каралууда. Сот отурумуна катышууга журналисттерге уруксат берилген жок. 

Учурда соттун имаратынын алдында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары желектерди көтөрүп турушат.

Буга чейин Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген болчу.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский "Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды" деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, "аны бербесеңер силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

sputnik.kg