Байлыкка жетпей турган 10 түрдүү эркек

29 августа 2019 Байлыкка жетпей турган 10 түрдүү эркек

Үйдүн башчысы эркек. Демек, аны багуу да эркектин мойнунда. Бирок, бүтүндөй бир үй-бүлөнү эмес, өз жанын эптеп бага албаган эркектер бар.

Акча табуу, кенен-кесир, май көл-сүт көлдө жашоо ар бир эркектин тилеги болсо керек. Бирок, канчалык аракет кылса дагы, жокчулуктан башы чыкпаган эркектер бар. Чынында акча табуу дагы адамдын кулк-мүнөзүнө байланышуу болуп саналат. Ушул күнгө чейин акча таба албай жүргөн эркектер кимдер? Келгиле, карап көрөлү.

1. Тобокелдикке бара албай турган эркектер

Жаңы нерсени баштоодон корко турган, ишти баштоодо өзүнө ишенбеген, кайратсыз эркектердин ийгиликке жетиши кыйын. Кыйын кырдаалдарда тобокел деп белди бекем бууй албаган эркектер өз жанын да бага албайт.

2. Өзүнүн пикири жок эркектер

Элдин сөзүн ээрчип, бирөөнүн пикирин өзүнүкүнөн бийик койгон, өзүнүн ою жок эркектер жетиштүү жашоодо жашай албайт

3. Жалкоо эркектер

Оңой олжого жетүүнү ойлогон, даяр тамакка тап болгон, жанын кыйнабай турган жалкоо эркектен дөөлөттүү, атагы алыска кеткен кыйлуу азамат чыкпайт.

4. Атак-даңкты сүйгөн эркектер

Ашыкча кекирейген, мактанчаак эркек да жакшылыкка жетпейт. Алар кылган ишинен дайын жок, эчек бир “кыйраткан” ишин элүү жыл айтып, элди тажаткан эркектер.

5. Плансыз жашаган эркектер

Бүгүнкү таңды атырып, кечти күтүп, алдына койгон максаты, кыялы жок жашаган эркектердин байлыкка жетиши күмөн. Багы ачылып, оңой олжого жетсе дагы, аны сактап кала албайт.

6. Ысырапкор эркектер

Чакырган жерден калбаган, бар тапкан дүнүйөсүн ичип-жегенге, той-топурга жумшаган эркектер да байый албайт. Мындай эркектер арак-шарапка, кыз-келиндерге акчасын коротуп салат.

7. Үй-бүлөсүндө сыйы жок эркектер

Үй-бүлөсүндө жарытылуу иш кыла албаган, кадыр-баркы жок, өз саясатын жүргүзө албаган эркектер да ушул тизмеде.

8. Күмөн санаган эркектер

Эч кимге ишенбеген, бирөөнүн жетишкендигине ичи таарыган, ар бир сөздөн куйкум издеген эркектер дүнүйө менен кабыр-баркты жыйнай албайт.

9. Айткан сөзүнө турбай турган эркектер

Орунсуз убада берген, айткан сөзүн аткара албаган эркектер өз жолун таба албайт. Мындай эркекте кадыр-барк деген болбойт.

10. Өзүнө отчет бере албаган эркектер

Мал-жанын эптей албаган, не алып, не койгонун билбей, эби кетип, өзүнөн өзү түңүлүп жүргөн эркектер аз эмес. Алардын материалдык абалы да көңүл жубатарлык болбойт.