Чиркей чаккан аялдын жүрөгү токтоп калды

28 августа 2019 Чиркей чаккан аялдын жүрөгү токтоп калды

Британиянын Дагенхем шаарында чиркей чаккан аялдын жүрөгү үч мүнөткө токтоп калды.

25 жаштагы Ким Робинсон оң ​​жамбашын чиркей чагып алганын айтат.

“Чаккан жер катуу кычышып, кийинки күнү сезгенүү пайда болду. Бирок, мен буга анчалык маани берген эмесмин. Мен антибиотик кабыл алсам басылып калат деп ойлодум”, - дейт Ким.

Күн өткөн сайын анын сезгенүүсү күч алып, Робинсон баса албай калат. Андан кийин аял ооруканага кайрылат. Натыйжада некротикалык фасциит бактерияларын пайда кыла турган инфекция жугузганы аныкталат. Дарегерлер чукул операция жасоо керектигин, болбосо бутун кесүүгө туура келерлигин эскертишет.

Инфекциянын таасиринен сепсис ырбап кетет. Операция учурунда анын өпкөсү начарлап, жүрөгү токтоп калган. Андан кийин беш күн жасалма комада жаткырылат.

Робинсон: “Мен ойгонуп, комада жатканымды билген жокмун. Сүйүктүүм календарды көрсөткөндө чочуп кеттим”, - дейт.

Дарылоонун жүрүшүндө оорулуу сүйлөгөндү жана басканда кайрадан үйрөнгөн. Ал ооруканада беш жума жаткан.