28 августа 2019
Ал аялынан башканын баласын ушул кезге чейин багып келгени үчүн кеткен чыгымдарды толук төлөп берүүсүн талап кылган.
Улуу Британияда эркек киши аялы көңүлдөшүнөн төрөгөнүн билип калып, сотко берди. Бул тууралуу Unilad басылмасы жазды.
Үй ээси баласы сегизге чыкканда гана ал анын уулу эмес экенин байкаган. Башка бирөөнүн баласын ушул кезге чейин багып келгени үчүн кеткен чыгымдарды толук төлөп берүүсүн талап кылган.
Лондондун жогорку соту акыркы отурумунда балага чыныгы атасы ким экенин азырынча айтпоо керектигин эскертип, журналисттерге сот ишине катышкандардын аты-жөнүн, каякта иштей турганын жазууга тыюу салган.