Садыр Жапаров уулунан кечирим сурап, сөөгүн жерге берди

28 августа 2019 Садыр Жапаров уулунан кечирим сурап, сөөгүн жерге берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго уулуна топурак салуу үчүн уруксат берген болчу.

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында жерге берилди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абакта жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаровго уулуна топурак салуу үчүн уруксат берген болчу.

Жаназа учурунда Жапаров уулун үйлөндүрө албай калганын айтып, кечирим сурады.

"Буга чейин атамды, апамды жоготтум. Эми тун уулум Дастандан ажырап отурам. Мунун баары Кудайдын буйругу, андан эч жакка качып кутула албайбыз, баш иебиз. Ата-эне үчүн эң оору баладан айрылуу экен. Ичиңен кан өтөт экен. Ар бирибиздин башыбызда жамандык бар, ошону Кудай кечинен берсин деп тилейли. Ылайым жакшылык болсун. Дастан, уулум, мени кечир, сени үйлөнтө албай калдым... Жаш кеттиң...", — деп Жапаров көзүнө жаш алды.

Эске салсак, жол кырсыгы 22-августта түндө саат 22.25тер чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү "Фрунзе" гипермаркетинин жанында болуп, Дастан Садыр уулу 26-августта Бишкектеги ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.

Кырсык болгон учурда мотоциклдин артында жүргүнчү кыз да отурганы маалым болгон.

Шаардык милиция мотоциклчен жаран трасса менен жогору жакты көздөй кетип баратып Toyota Matrix менен кагышканын маалымдаган. Андан ары ыргып кетип Lexus унаасын сүзгөн.

sputnik.kg