Новосибирскиде курулуп жаткан үйдүн дубалы жумушчуларды басып калды

28 августа 2019 Новосибирскиде курулуп жаткан үйдүн дубалы жумушчуларды басып калды

Кырсык болгон жерден бир киши куткарылды.

Новосибирскиде 28-август күнү курулуп жаткан үйдүн дубалы урап калган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Куткаруу иштери учурунда урандынын алдынан бир киши табылып, ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда издөө иштери уланып жатат.

sputnik.kg